БИРИНЧИ ОКУУ КҮНҮ МЕКЕН ЖАНА КЕЛЕЧЕК ЖӨНҮНДӨ САБАКТАР МЕНЕН БАШТАЛАТ!

  • 11.09.2026

2026-жылдын 15-сентябрында Кыргызстандын мектептеринде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган атайын тарбиялык сабактар өтөт.

Ар бир курактык топ үчүн өзгөчө темалар жана интерактивдүү форматтар даярдалды. Окуучулар Мекендин символдору менен таанышуудан тартып, Кыргызстандын жетишкендиктерине саякаттоого, өлкөнүн келечеги жана ар бир окуучунун жеке салымы тууралуу талкууларга катышат.

👧 1–2-класстар: «Кыргызстан — менин Мекеним» (жүктөп ал)
📚 3–4-класстар: «35 жыл — 35 жетишкендик» (жүктөп ал)
🌱 5-класс: «Кыргызстан — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» (жүктөп ал)
🔎 7-класс: «Кыргызстан: Эгемендүүлүк жолу — жетишкендиктерден жаңы максаттарга карай» (жүктөп ал)
💡 8–9-класстар: «Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: Кыргызстан келечекте кандай болот?» (жүктөп ал)
🚀 10–11-класстар: «Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: менин тандоом — Кыргызстандын келечеги» (жүктөп ал)

Сабактардын негизги максаты — өз өлкөсүнүн тарыхын билүү, бүгүнкүсүн баалоо жана анын келечегин түзүүгө аң-сезимдүү катышуу.

Бөлүшүү