КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ЖОЛУ — ЖЕТИШКЕНДИКТЕРДЕН ЖАҢЫ МАКСАТТАРГА КАРАЙ (7-кл.)
- 10.09.2026
- 0
Өткөндү бил— учурду баала — келечекти жарат!
Сабактын максаты: Өлкөнүн тарыхына, анын азыркы жетишкендиктери менен чакырыктарына карата аң-сезимдүү мамилени калыптандыруу, ошондой эле жаштардын келечек үчүн жеке жоопкерчилигин жогорулатуу.
Негизги сөздөр: Эгемендүүлүк, суверенитет, мамлекеттүүлүк, өнүгүү, жетишкендиктер, чакырыктар, жоопкерчилик, билим берүү, инновациялар, жарандык позиция, келечек.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн маанисин түшүндүрүшөт;
- Кыргызстандын жетишкендиктерине кеминде 2–3 мисал келтиришет;
- жетишкендиктер менен азыркы чакырыктарды айырмалай алышат;
- билим берүүнүн, кесиптин жана мамлекеттин өнүгүүсүнүн ортосундагы байланышты түшүндүрүшөт;
- белгилүү бир көйгөйдү чечүүнүн кеминде бир сунушун беришет;
- топтук долбоорду түзүүгө катышышат;
- өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган жеке салымын аныкташат.
Сабактын формасы: «Кыргызстан: биз аны кандай элестетебиз?» долбоорлоо элементтери камтылган дискуссиялык сабак.
Сабактын методдору: акыл чабуулу, аңгемелешүү, топтук иш, кейс-стади, дискуссия, долбоорлоо, долбоорлорду презентациялоо.
Ресурстар: КР Туусу жана картасы, Кыргызстандын жаштарынын, илимдин, технологиялардын жана маданияттын жетишкендиктери чагылдырылган визуалдык материалдар, карточкалар, маркерлер, ватмандар.
Сабактын жүрүшү
- Кыргызстан — менин Мекеним
2026-жылы Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилейт. Адам үчүн 35 жаш — бул бир топ олуттуу курак. Мамлекет үчүн — бүтүндөй бир доор, бирок ошол эле учурда чоң тарыхый жолдун бир гана этабы.
(Доскага жазылат:) 35 жыл — мамлекет үчүн көппү же азбы?
Окуучулар менен кыскача талкуу жүргүзүлөт.
Мугалим: «Кыргызстан 35 жыл ичинде көз карандысыз мамлекеттин пайдубалын түптөп, билим берүү, маданият, спорт, ишкердик жана санариптик технологиялар өнүгүүдө. Муну менен катар, өлкөнүн алдында жаңы билимди, демилгени жана жоопкерчиликти талап кылган милдеттер турат. Бүгүн биз Кыргызстанды өткөнү, азыркысы жана келечеги аркылуу карайбыз.
Кыргызстан: кечээ — бүгүн — эртең
Кыргызстан эгемендүүлүктүн 35 жылында кандай жетишкендиктерге жетти жана бүгүнкү күндө өлкөнүн алдында кандай милдеттер турат?
Жуптарда иштөө
Окуучулар таблицаны толтурушат.
| Кечээ | Бүгүн | Эртең |
| Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары | Бүгүнкү Кыргызстан | Келечектеги Кыргызстан |
Таблицаны толтуруунун үлгүсү:
| Кечээ | Бүгүн | Эртең |
| (Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары) | Бүгүнкү Кыргызстан | Келечектеги Кыргызстан |
| Эгемендүүлүк жөнүндө декларацияны, Конституцияны кабыл алуу, мамлекеттик символдорду бекитүү. | Билим берүүнү өнүктүрүү. Мектептер тармагын кеңейтүү, окутуунун активдүү методдорун киргизүү, эл аралык баалоого катышуу. | Заманбап билим берүү жана STEM. Ар бир мектепте интерактивдүү STEM-лабораториялар, IT-лицейлер, робототехника. |
| Улуттук валютаны (сомду) киргизүү, финансы жана сот системаларын калыптандыруу. | Маданиятты жана спортту өнүктүрүү. Азия жана Олимпиада оюндарындагы ийгиликтер, мурастарды сактоо, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. | Жаңы кесиптер жана технологиялар. Жасалма интеллект, биотехнология, креативдүү экономика жана аэрокосмостук маалыматтар тармагындагы адистер. |
| Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү. БУУга жана эл аралык уюмдарга мүчө болуп кирүү, суверенитеттин таанылышы. | Санариптик технологиялар. «Түндүк» системасын киргизүү, санариптик мамлекеттик кызматтар, мобилдик банкингди өнүктүрүү. | Күчтүү региондор. Заманбап инфратүзүмү жана жумуш орундары бар экономикалык жактан өнүккөн облустар. |
| Алгачкы экономикалык кайра куруулар. Рыноктук мамилелерге өтүү, алгачкы жер жана агрардык реформалар. | Ишкердик жана туризм. Чакан бизнестин өсүшү, тоо-лыжа, этно- жана экотуризмди өнүктүрүү. | Экологиялык жактан туруктуу өнүгүү. «Жашыл» энергетика (ГЭС, күн станциялары), калдыктарды кайра иштетүү, таза шаарлар. |
Кыргызстан 35 жыл ичинде көз карандысыз мамлекеттин пайдубалын түптөп; билим берүү, маданият, спорт, ишкердик жана санариптештирүү тармактарында олуттуу натыйжаларга жетишти. Ошол эле учурда жаңы чечимдерди талап кылган милдеттер дагы эле калууда.
- Жетишкендиктерби же чакырыктарбы?
Мугалим окуучулардын көңүлүн бурат: «Өлкөнүн өнүгүүсү жетишилген натыйжаларды да, али чечиле элек милдеттерди да камтыйт».
Жетишкендиктерби же чакырыктарбы? Тапшырма: берилген ырастоо жетишкендик же заманбап чакырык болуп саналарын аныктагыла. Тандооңорду түшүндүргүлө.
Мугалим карточкаларды көрсөтөт.
«Жетишкендик» карточкалары:
- Билим берүүнүн өнүгүшү;
- Кыргызстандык спортчулардын ийгиликтери;
- Туризмдин өнүгүшү;
- Бай маданий мурас;
- Жаңы технологияларды киргизүү;
- Ишкердикти өнүктүрүү;
- Жаштардын жетишкендиктери.
«Чакырык» карточкалары:
- Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгы;
- Экологиялык көйгөйлөр;
- Жаңы жумуш орундарын түзүү зарылдыгы;
- Санариптик сабаттуулук;
- Региондорду өнүктүрүү;
- Маданий мурастарды сактоо;
- Илимди жана инновацияларды өнүктүрүү зарылдыгы.
Мугалим үчүн методикалык комментарий
Берилген тизмедеги айрым багыттар бир эле учурда жетишкендик катары да, андан ары өнүктүрүүнүн милдети катары да каралышы мүмкүн. Мисалы, «Бай маданий мурас» — бул жетишкендик, ал эми «Маданий мурасты сактоо» — бул чакырык. Мугалим окуучулардын көңүлүн жетишкендик мындан аркы өнүгүү зарылдыгын жокко чыгарбай турганына бурат.
Топтордо иштөө
Кейстер
- 1-топ. Экология: «Айрым шаарларда ыштын деңгээли өсүп, айылдарда таза ичүүчү суу жетишпейт. Кайсы кесиптин өкүлдөрү жана жарандардын кандай аракеттери бул көйгөйдү чечүүгө жардам бере алат?»
- Топтун тапшырмасы:
- Кандай адистер керек экенин аныктоо;
- Кандай аракеттерди көрүүгө болорун белгилөө;
- Жарандар өздөрү кандай роль ойной аларын көрсөтүү.
- 2-топ. Санариптештирүү: «Региондордун бардык тургундары санариптик мамлекеттик кызматтарды колдонууну жана интернеттеги маалыматтарды коргоону билишпейт. Адамдарга жаңы технологияларды өздөштүрүүгө кантип жардам берүү керек?»
- Топтун тапшырмасы:
- Окутуунун мүмкүн болгон жолдорун сунуштоо;
- Санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- Көйгөйдү чечүүдө мектептин жана жаштардын ролун көрсөтүү.
- 3-топ. Билим берүү жана STEM: «Эмгек рыногуна инженерлер жана IT-адистер керек, ал эми көпчүлүк мектеп окуучулары гуманитардык тармактарды гана тандашат. Жаштарды так илимдерге кантип кызыктыруу керек?»
- Топтун тапшырмасы:
- Мектеп окуучуларынын STEMге болгон кызыгуусун жогорулатуу жолдорун сунуштоо;
- Мүмкүн болгон долбоорлорду жана иш-чараларды белгилөө;
- Зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү сунуштоо.
- Топтун тапшырмасы:
- Топтун тапшырмасы:
- Топтун тапшырмасы:
Жалпы талкуу үчүн суроолор
Кейстердин жыйынтыктары сунушталгандан кийин мугалим окуучуларга төмөнкү суроолорду талкуулоону сунуштайт:
- Элестеткиле, сиздер Кыргызстанды өнүктүрүүнүн ири долбоорунун жетекчисиздер. Өз командаңызга кандай адистерди чакырасыздар жана эмне үчүн?
- Кыргызстандын жаш жараны кандай билимге, көндүмдөргө жана сапаттарга ээ болушу керек?
Талкуунун жүрүшүндө доскага жоопторду жазып коюуга болот: билим — жоопкерчилик — сынчыл ой жүгүртүү — санариптик сабаттуулук — демилгелүүлүк — коммуникация — кызматташтык — чыгармачылык — көйгөйлөрдү чече билүү — окууга даяр болуу.
Дене тарбиялык тыныгуу: «Салт — технология — келечектин кесиби» Мугалим ар кандай сөздөрдү айтат. Эгерде бул маданий мурас же салт болсо — окуучулар колдорун жогору көтөрүшөт; эгер технология болсо — кол чабышат; эгер келечектин кесиби болсо — ордунда кадамдашат. Мисалдар: комуз, ЖИ, жашыл энергетика, «Манас» эпосу, IT-инженер, боз үй, робот, биотехнологиялар ж.б.
III. «Кыргызстан-2040: мен аны кантип элестетем?» долбоору
Мугалим: «Бүгүн биз Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилеп жатабыз. 2040-жылга карата өлкөбүз кандай болуп калышы мүмкүн экенин элестетип көрөлү».
Окуучулар багыттар боюнча топторго биригишет:
- 1-топ – Билим берүү жана илим/STEM: 2040-жылы мектептер, билим берүү жана технологиялар кандай болорун элестетүү.
- 2-топ – Экология жана региондор: Жаратылышты кантип сактоону, шаарлар менен айылдарды комфорттуу кылууну жана региондорду өнүктүрүүнү камсыздоону элестетүү.
- 3-топ – Экономика жана санариптик технологиялар: Инновациялардын, ишкердиктин, IT жана санариптик технологиялардын өнүгүшүн элестетүү.
- 4-топ – Маданият, спорт жана туризм: Кыргызстан улуттук баалуулуктарды кантип сактап, маданият менен спортту өнүктүрүп, дүйнөлүк аренадагы ордун кантип бекемдей аларын элестетүү.
Ар бир топ бирден шаблон алат: 2040-жылдагы биздин Кыргызстан:
- Биз … көргүбүз келет.
- Бул үчүн … зарыл.
- Жаштар … билиши керек.
- Бүгүнкү күндө эле мектеп окуучулары … кыла алышат.
Топтор өз идеяларын талкуулап, ватманга/флипчартка жазышат жана коргоого даярданышат.
Долбоорлорду коргоо Ар бир топ өз долбоорун сунуштайт. Долбоор корголгондон кийин мугалим тактоочу суроолорду берет:
- Сиздердин долбоордогу башкы өзгөрүү эмне болуп саналат?
- Аны ишке ашыруу үчүн эмне кылуу керек?
- Кандай адистер керек болот?
- Жаштар кандай роль ойной алат?
«Кыргызстан дарагы – 2040» Доскага «Кыргызстан дарагы – 2040» контуру тартылган плакат жайгаштырылат. Долбоор корголгондон кийин ар бир топ даракка өлкөнү өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн башкы сунушу жазылган түстүү стикерди чаптайт. Ошентип, кадам-кадам менен жалпы «Келечектин дарагы» калыптанат, андагы ар бир идея жаш муундун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымын билдирет.
Дарактын символикасы:
- Тамырлары — тарых жана баалуулуктар;
- Сөңгөгү — билим берүү жана билим;
- Бутактары — өнүгүү багыттары;
- Жалбырактары — окуучулардын идеялары;
- Түшүмү — окуучулар Кыргызстанды 2040-жылы кандай көргүсү келет.
Топтук долбоорду баалоо критерийлери (Максималдуу – 5 балл):
- 1 балл — Кыргызстандын 2040-жылдагы образы аныкталган;
- 1 балл — Ага жетүү үчүн конкреттүү кадамдар сунушталган;
- 1 балл — Зарыл болгон билимдер жана көндүмдөр аталган;
- 1 балл — Мектеп окуучуларынын кошкон салымы аныкталган;
- 1 балл — Долбоор түшүнүктүү жана жүйөлүү сунушталган.
«Менин Кыргызстаным – 2040» жекече тапшырмасы
Окуучулар үч сүйлөмдү аягына чыгарышат:
- Келечекте Кыргызстанды мен … көргүм келет.
- Жаштардын … болушун каалайм.
- Жеке өзүм бул үчүн … кыла алам.
Бир нече окуучу жоопторун үн чыгарып окуйт.
Жыйынтык
- Рефлексия
«Үч сөз + бир кадам» ыкмасы
Ар бир окуучу Кыргызстан менен байланыштырган үч сөздү жазат. Мисалы:
- Ата мекен — билим — келечек
- Эгемендүүлүк — жоопкерчилик — мүмкүнчүлүктөр
Жыйынтыктоочу суроо:
Сиз элестеткен Кыргызстандын келечегин жакындатуу үчүн ушул окуу жылында эле кандай бир конкреттүү кадам жасай аласыз?
Ар бир окуучу учурдагы окуу жылында келечектеги кесибине жана өлкөнүн өнүгүшүнө болгон бир конкреттүү аракетти же окуу максатын жазат.
Кыргызстан мен үчүн — …, …, …
Бул окуу жылындагы менин кадамым — …
- Кыргызстанга кайрылуу
Мугалим класска жалпы кайрылуу түзүүнү сунуштайт.
«Биз — эгемендүү Кыргызстандын муунубуз. Биз өлкөбүздүн тарыхын билебиз жана анын азыркы учурун жогору баалайбыз. Биз Кыргызстанды билимдүү, күчтүү, заманбап, тынчтык өкүм сүргөн жана гүлдөп өскөн өлкө катары көргүбүз келет. Өлкөнүн келечеги мамлекеттик чечимдерден гана эмес, ар бир адамдын билиминен, эмгегинен, жоопкерчилигинен жана аракеттеринен көз каранды экенин түшүнөбүз. Биз окуйбуз, өнүгөбүз, Ата мекенибиздин маданиятын жана жаратылышын сактайбыз, жаңы билимдерди өздөштүрөбүз жана жаңы нерселерди жаратабыз. Биздин келечегибиз бизден башталат!»
Сабактын жыйынтыгы
Мугалим окуучуларга кайрылат: «Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы — бул биздин муундардын жараткан Кыргызстандын тарыхы. Бүгүн сиздер мектеп окуучусуңар, ал эми эртең дал сиздер чечим кабыл алып, кесип тандап, жаңы долбоорлорду түзүп, өлкөбүздү өнүктүрөсүздөр. Ошондуктан Кыргызстандын келечеги бүгүнтөн баштап эмнени үйрөнүп, кандай аракеттерди жасап жатканыбыздан башталат».
Доскага жыйынтыктоочу формула чыгат:
«ӨТКӨНДҮ БИЛ — БҮГҮНКҮНҮ БААЛА — КЕЛЕЧЕКТИ ЖАРАТ!»
35 жыл — өлкөбүздүн тарыхы.
Бүгүн — биздин жоопкерчилигибиз.
Келечек — биз биргеликте жарата турган нерсе.
Иштеп чыккан: ПККЖжКДРИнин ага окутуучусу М.Л. Азимова