ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН 3-ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 27.07.2026
  • 0

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун үчүнчү туру старт алды. Билим берүү министрлигинин “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматына ылайык, талапкерлерди каттоо 29-июль саат 14:00гө чейин уланат.

Алгачкы эки турдун жыйынтыгында абитуриенттерден 61 миңден ашык электрондук талон катталган. Анын ичинен 21,6 миңи бюджеттик орундарга, 39,5 миңи контракттык негизде тапшырган. Жогорку окуу жайлары 41,6 миң абитуриентти окууга сунуштады. Алардын ичинен 30 миңден ашууну тандаган адистиги боюнча окууга макулдугун ырастаган. Анын ичинде 23,7 миңи контракттык, 6,4 миңи мамлекеттик гранттык негизде билим алат.

Эң көп тандалган багыттардын катарына педагогика жана гуманитардык адистиктер, экономика жана финансы, медицина, маалыматтык технологиялар жана юриспруденция кирди.

Белгилей кетсек, быйылкы кабыл алуу өнөктүгү жалпысынан беш турда өтүп, өлкө боюнча 10 миңге жакын мамлекеттик гранттык орун каралган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер