БИШКЕКТЕ «ИНЖЕНЕРДИК КЛАССТАР РУЗР» ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ АЧЫЛДЫ
- 23.10.2026
- 0
Бишкек шаарындагы А. Токомбаев атындагы № 24 мектепте «Чет өлкөдөгү орус мугалими» эл аралык гуманитардык долбоорунун алкагында жана Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин колдоосу менен «Инженердик класстар РУЗР» пилоттук долбоорунун расмий ачылышы болду. 
Бул демилге инженердик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө, окуучулардын табигый-илимий сабактарга кызыгуусун арттырууга жана келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого шарт түзүүгө багытталган.
Ачылыш аземинин алкагында 11-класстын окуучулары үчүн Россия Илимдер академиясынын (РИА) Илимий станциясынын жаш окумуштуулары менен кесипке багыт берүүчү жолугушуу уюштурулду. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин бөлүм башчысы Гулмира Акматова катышып, инженердик багытты өнүктүрүү борбор калаанын билим берүү тармагын өркүндөтүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. 
Жолугушууда жаш илимпоздор окуучуларга физика, математика жана география сабактарынын космостук геодезия жана геофизика тармактарында колдонулушу тууралуу айтып беришти. Окуучулардын алдында РИА Илимий станциясынын жаш адистери Екатерина Лазарева, Екатерина Воронцова, Юлия Саламатина, Денис Коломейцев, Артём Валуйский жана Анук Юнусов сөз сүйлөштү. 
Аталган долбоор мектеп билим берүүсү менен заманбап илимдин байланышын бекемдеп, окуучулардын изилдөөчүлүк компетенцияларын калыптандырууга жана келечекте сапаттуу адистерди даярдоого чоң өбөлгө түзмөкчү.
А.К., «КБ»

