Улуу Жеңиштин жандуу сөзү
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата «Память поколений: Живое слово Победы в школах Кыргызстана» аттуу республикалык конкурстун жеңүүчүлөрү сыйланды.
Биринчи орунду Бишкектеги «Давха» мектеп-комплексинин мугалимдери Г. Калыкова жана А. Токонова жеңип алышты. Экинчи орун Чолпон-Ата шаарындагы «Акылман» Президенттик лицейинин мугалими Д. Джунушбаевага, 3-орун болсо Ак-Суу районунун Тепке айылындагы К. Жантошев атындагы мектептин мугалими А. Джунсаевага ыйгарылды.
Ошондой эле Түп районунун Кудургу айылындагы №2 мектептин мугалими А. Абдылдаева жана «Акылман» лицейинин мугалими Н. Одоевская ыраазычылык каттар жана китеп белектери менен сыйланышты.
Конкурсту «Кут Билим» медиа борбору, «Русский язык и литература в школах Кыргызстана» журналы жана Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын тарбиялык иштер башкармалыгы биргелешип өткөрдү.
Аталган сынак Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыяланган. Катышуучулар согуш темасына арналган адабий чыгармалар боюнча сабактын методикалык иштелмесин же сабактан тышкаркы иш-чаранын сценарийин жиберишти.
Сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн журналдын башкы редактору Г. Соронкулов катышуучулардын иштерин жогору баалап, алардын эмгеги мактоого татыктуу экенин белгиледи.
«Бул конкурс элибиз жана дүйнөдөгү көптөгөн элдер үчүн өзгөчө маанилүү күн – Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын алдында өткөрүлдү. Конкурс үчүн катышуучулардан Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу адабият боюнча сабактын методикалык иштелмеси же Жеңиштин 80 жылдыгына арналган сабактан тышкаркы адабий иш-чаранын кеңири сценарийи талап кылынган. Тилекке каршы, катышуучулардын саны анчалык көп болгон жок. Бирок катышкандардын иштеринин деңгээли абдан жогору болду жана жогорку баага, сыйлыкка татыктуу»,- деди ал.
Комментарийлер