МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)

  • 10.09.2026

34-КЛАССТАРГА АРНАЛГАН ТАРБИЯЛЫК САБАК

35 жыл — 35 жетишкендик

Сабактын формасы: Интерактивдүү сабак

Узактыгы: 40–45 мүнөт

Максаты: 

Билим берүүчүлүк: Окуучулар Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн мааниси, өлкөбүздүн өнүгүүсү  жана Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы жөнүндө маалымат алышат. Кыргызстандын билим берүү, маданият, спорт, илим, технология жана башка тармактардагы жетишкендиктерин аташат. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү ар бир жарандын күнүмдүк эмгегине жана жоопкерчилигине байланыштуу экенин түшүнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар өз ойлорун эркин айтышат жана пикирлерин билдиришет. Топто биргелешип иштешет, бири-бирин угушат жана өз ара пикир алышат. Кыргызстандын келечеги тууралуу өз идеяларын сунушташат жана чыгармачылык иштерди жасашат.  Өздөрүнүн Мекенге кошо турган салымдарын аныкташат.

Тарбиялык: Окуучулар Мекенин, анын тарыхын, маданиятын жана жаратылышын сүйүүгө жана баалоого үйрөнүшөт. Кыргызстандын жетишкендиктерине сыймыктануу сезимин калыптандырышат. Мекенге болгон жоопкерчилигин түшүнүшөт. Кыргызстанды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга багытталган жакшы иштерди аныкташат жана убада беришет.

Керектүү каражаттар: Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Кыргызстандын картасы. Гербдин сүрөтү. Кыргызстандын жаратылышынын сүрөттөрү. Жетишкендиктер жазылган карточкалар. Ватман, түстүү кагаздар, маркерлер, стикерлер, презентация.

МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)

Сабактын жүрүшү. 1-этап. Уюштуруу

Мугалим:
— Саламатсыңарбы, балдар! Бүгүнкү сабагыбыз өзгөчө маанилүү темага арналат. Келгиле, бири-бирибизге жакшы маанай тартуулап, сабагыбызды баштайлы.

«Жылуу маанай» көнүгүүсү. Окуучулар тегерек болуп туруп, бири-бирине:

«Ийгилик каалайм!»
«Жакшы оку!»
«Ден соолук каалайм!»
«Ар дайым жылмайып жүр!»
«Көп нерсе үйрөн!»

деген сыяктуу жакшы каалоолорун айтышат.

Мугалим:
— Азыр баарыбыз Кыргызстандын жараны экенибизди сезип, бүгүнкү сабакка активдүү катышууга даярданалы.

2-этап. Теманы жана максатын аныктоо. Мугалим Кыргызстандын желегин, гербин же өлкөнүн сүрөтүн көрсөтөт.

Суроолор:

  • Бул сүрөттөрдөн эмнени көрүп турасыңар?
  • Кыргызстан силер үчүн эмнени билдирет?
  • «Мекен» деген сөздү кандай түшүнөсүңөр?
  • Кыргызстан качан эгемендүү мамлекет болгон?

Окуучулардын жоопторунун негизинде мугалим сабактын темасын ачат:

«Менин Мекеним — Кыргызстан: Эгемендүүлүккө 35 жыл»

Мугалим:
— Быйыл Кыргызстан үчүн маанилүү жыл. Өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнө 35 жыл толот. Бүгүн биз өлкөбүздүн жетишкендиктери, бүгүнкү күнү жана келечеги жөнүндө сүйлөшөбүз. МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)

 

МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)

МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)

3-этап. Тема боюнча маалымат берүү

«35 жылдык тарых»

Мугалим:
— Эгемендүүлүк – бул өлкөнүн өз алдынча мамлекет катары жашоосу. Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүн 1991-жылдын 31-августунда жарыялаган. Ошондон бери өлкөбүз өзүнүн тарыхын улантып, өнүгүп келе жатат.

(Мугалим окуучуларды ашыкча даталар жана татаал маалыматтар менен жүктөбөстөн, Кыргызстандын өнүгүүсүн жөнөкөй мисалдар аркылуу түшүндүрөт)

«35 жыл — 35 жетишкендик»

Мугалим:

Балдар, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 35 жыл ичинде көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Бул өзгөрүүлөр бир эле тармакта эмес, билим берүүдө, маданиятта, спортто, илимде, технологияда, жаратылышты коргоодо жана аймактарды өнүктүрүүдө болуп жатат.

— «35 жыл — 35 жетишкендик» дегенде сөзсүз эле 35 датаны же 35 чоң окуяны жаттап алуу керек дегенди билдирбейт. Бул — эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда болгон жакшы өзгөрүүлөрдү жана жетишкендиктерди байкоо, билүү жана баалоо дегенди билдирет.

— Ар бир жетишкендиктин артында адамдардын эмгеги турат. Мисалы, билимдүү окуучулар — билим берүү тармагындагы жетишкендиктин, ийгиликке жеткен спортчулар — спорттогу жетишкендиктин, улуттук маданиятыбызды сактаган адамдар — маданияттагы жетишкендиктин бир көрүнүшү.

МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)

Топтук иш. Окуучулар 4 топко бөлүнүшөт. Ар бир топко белгилүү бир багыт боюнча карточкалар берилет.

Мугалимдин суроосу:
— Булардын кайсылары билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди көрсөтөт?

Окуучулар карточкаларды карап, талкуулашат.

Мугалим:
— Билимдүү муун — өлкөнүн келечеги. Бүгүн силердин жакшы билим алышыңар да Кыргызстандын келечегине кошкон салым болуп эсептелет.

Мугалимдин суроосу:
— Бул баалуулуктар эмне үчүн маанилүү?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Мугалим:
— Маданият – бул элдин жүзү. Өз маданиятыбызды билүү, сактоо жана кийинки муунга жеткирүү — ар бирибиздин милдетибиз.

Мугалимдин суроосу:
— Кыргызстандын атын спорт аркылуу таанытып жаткан адамдар кимдер?

Окуучулар билген спортчуларын жана спорт түрлөрүн аташат.

Мугалим:
— Спортчулардын жеңиши — бул алардын гана эмес, бүтүндөй өлкөнүн сыймыгы.

Мугалимдин суроосу:
— Кыргызстанда жаратылышты коргоо эмне үчүн маанилүү?
— Технологиялар адамдардын жашоосун кантип жеңилдетет?

Окуучулар өз ойлорун айтышат.

Мугалим:
— Кыргызстан жаратылышы кооз өлкө. Аны сактоо менен бирге заманбап технологияларды туура колдонуу да өлкөнүн өнүгүшүнө жардам берет.

«Жетишкендикти танда — себебин түшүндүр»

Ар бир топ өзүнө берилген карточкалардын ичинен эң маанилүү деп эсептеген 2–3 жетишкендикти тандашат.

Топтор төмөнкү үлгү боюнча жооп беришет:

Биздин топ: __________________

Биз тандаган жетишкендик: __________________

Биз аны тандадык, анткени: __________________

Бул жетишкендик Кыргызстан үчүн маанилүү, себеби: __________________

Башка жетишкендиктер боюнча окуучулардын болжолдуу жооптору

📚 БИЛИМ

«Биз китеп окууну тандадык. Анткени китептен көп нерсе үйрөнөбүз. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү, себеби билимдүү адамдар өлкөнү өнүктүрөт.»

🎵 МАДАНИЯТ

«Биз комузду тандадык. Анткени комуз — кыргыз элинин улуттук аспабы. Бул жетишкендик маанилүү, себеби биз өз маданиятыбызды сакташыбыз керек.»

🏅 СПОРТ

«Биз спорттогу ийгиликтерди тандадык. Анткени кыргыз спортчулары мелдештерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшөт. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү, себеби спортчулар өлкөбүздүн атын дүйнөгө таанытат.»

🌿 ЖАРАТЫЛЫШ

«Биз жаратылышты коргоону тандадык. Анткени Кыргызстанда тоолор, көлдөр жана кооз жерлер көп. Бул маанилүү, себеби жаратылышты таза сактоо — биздин милдетибиз.»

💻 ТЕХНОЛОГИЯ

«Биз жаңы технологияларды тандадык. Анткени технология менен маалыматты тез табууга жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болот. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү, себеби заманбап технологиялар өлкөнүн өнүгүшүнө жардам берет.»

Талкуу

Ар бир топ өз тандоосун класска тааныштырат.

Мугалимдин жыйынтыктоосу

— Көрдүңөрбү, балдар, жетишкендик деген бир гана чоң жеңиш эмес. Жакшы окуган окуучу, ийгиликке жеткен спортчу, кыргыз тилин жана маданиятын сактаган адам, жаратылышты коргогон жаран, жаңы нерсе ойлоп тапкан жаш — булардын баары өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот.

— Демек, 35 жылдык жетишкендиктер — бул биздин өлкөбүздүн басып өткөн жолу. Ал эми Кыргызстандын кийинки жетишкендиктери силердин колуңарда.

Мугалим:
— Бул жетишкендиктердин ар биринин артында адамдардын эмгеги турат. Демек, өлкөнүн келечеги да ар бирибиздин аракетибизге байланыштуу.

4-этап. Интерактивдүү көнүгүүлөр

1-көнүгүү. «Кыргызстан бүгүн»

Мугалим суроо берет:

— Кыргызстан бүгүн кандай өлкө?

Окуучулар жоопторун айтышат.

Мисалы:

  • билим алып жатабыз;
  • спорт менен машыгабыз;
  • жаңы технологияларды колдонобуз;
  • маданиятыбызды сактайбыз;
  • жаратылышыбызды коргойбуз.

Андан соң: «Мен келечекте ким болуп, Кыргызстанга кандай пайда алып келе алам?» деген суроо талкууланат.

2-көнүгүү. «Кыргызстан келечекте»

Ар бир окуучуга карточка берилет.

Тапшырма: «Кыргызстанды келечекте кандай көрөм?» деген суроого жооп беришет.

Окуучулар:

  • сүрөт тартышат;
  • бир сүйлөм жазышат;
  • же өз оюн айтып беришет.

Мисалы:

  • «Кыргызстан билимдүү өлкө болсо дейм».
  • «Жаратылышыбыз таза болсо дейм».
  • «Кыргыз спортчулары дагы көп ийгиликтерге жетишсе дейм».
  • «Кыргызстанда жаңы мектептер көп болсо дейм».

3-көнүгүү. «Менин Мекениме кошкон салымым»

Мугалим:
— Кыргызстанды жакшы жакка өзгөртүүгө салым кошуу үчүн чоңойгончо күтүүнүн кереги жок. Ар бирибиз бүгүнтөн баштап жакшы иш жасай алабыз.

Окуучулар «Мен Кыргызстан үчүн эмне кыла алам?» деген суроого жооп беришет.

Мисалы:

  • жакшы окуйм;
  • китеп окуйм;
  • жаратылышты коргойм;
  • таштанды таштабайм;
  • улууларды сыйлайм;
  • кичүүлөргө жардам берем;
  • Мекенимди сүйөм.

Окуучулар өз жоопторун «Мекениме берген убадам» карточкасына жазышат.

5-этап. Сабактын жыйынтыгын чыгаруу. Бир нече окуучу өз жоопторун класска айтып берет.

Жыйынтык сөз

Мугалим:
— Балдар, бүгүн биз Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы, өлкөбүздүн жетишкендиктери, бүгүнкү күнү жана келечеги жөнүндө сүйлөштүк.

— Кыргызстан — бул биз жашаган жер гана эмес. Кыргызстан — биздин Мекенибиз. Анын келечеги биздин билимге, эмгекке жана жакшы иштерибизге байланыштуу.

Баары чогуу: «Өткөндү бил – бүгүнкү күндү баала – келечекти кур!»

МЕНИН МЕКЕНИМ — КЫРГЫЗСТАН: ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 35 ЖЫЛ (3-4-кл.)Сабакта сунушталып жаткан сүрөт, карточкаларды ушул жерден көчүрүп алсаңыздар болот

 Иштеп чыкты: Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогрулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун башкы директорунун академиялык иштер боюнча орун басары Укеева Жаркын

Бөлүшүү