“ДИЛГИР” СЫНАГЫ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

  • 23.10.2026

Борбор калаада жалпы билим берүү уюмдарынын 7–11-класстарынын чыгармачыл окуучулары арасында уюштурулган «Дилгир» сынагынын шаардык этабы өттү. “ДИЛГИР” СЫНАГЫ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

Иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды, руханий мурастарды, маданий жана тарыхый салттарды жайылтуу, таланттуу окуучуларды колдоо, ошондой эле алардын көркөм окуу чеберчилигин өнүктүрүү болуп саналат.

Сынактын шаардык баскычына райондук этаптарда I жана II орундарды ээлеген 8 мектептин окуучулары катышып, өз чеберчиликтерин көрсөтүштү. Катышуучулардын өнөрүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкери Кутмырза Жакыбалиев баш болгон калыстар тобу баалады. “ДИЛГИР” СЫНАГЫ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылгандар:

  • I орун — № 78 мектептин окуучусу Каныбекова Розалина;

  • II орун — № 103 мектептин окуучусу Сүйүнбаева Назбийке;

  • III орун — № 67 мектептин окуучусу Бейшекеев Кадырлуу жана № 55 мектептин окуучусу Автандилов Ариет. “ДИЛГИР” СЫНАГЫ: ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ

Мындай сынактар өсүп келе жаткан муундун эне тилине болгон урмат-сыйын арттырып, руханий мурастарды сактоого жана окуучулардын чыгармачылык дараметин ачууга чоң өбөлгө түзөрү белгиленди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү