ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН АКЫРКЫ ТУРУ СТАРТ АЛДЫ

  • 10.08.2026
  • 0

ЖОЖдорго кабыл алуунун акыркы туру старт алды. Абитуриенттерди кабыл алуу 12-август, 14.00гө чейин уланат.

Соңку тандоо турларынын жыйынтыгы боюнча республикабыздагы жогорку окуу жайларга жалпысынан өлкө боюнча 33 189 абитуриент  кабыл алынды.

Талапкерлердин арасында эң чоң суроо-талапка ээ болгон жана эң көп тандалган багыттар төмөнкүлөр болду:

  • Билим берүү багыты — 7 366 абитуриент;
  • Гуманитардык адистиктер — 4 246 абитуриент;
  • Экономика жана финансы — 3 564 абитуриент;
  • Медицина багыты — 3 390 абитуриент;
  • Маалыматтык технологиялар — 3 229 абитуриент.

Мындан сырткары, юриспруденция (3 078 адам), архитектура жана курулуш (1 546 адам), ошондой эле башкаруу (1 322 адам) тармактарына да кабыл алынгандардын саны жогору болду.

Статистика көрсөткөндөй, окууга киргендердин ичинен эң жогорку орточо балл Медицина (160,86 балл) жана Маалыматтык технологиялар (155,32 балл) адистиктерине туура келет, бул аталган тармактарда атаандаштыктын кыйла жогору экенин айгинелейт. Кабыл алынгандардын эң жогорку көрсөткүчү 239 баллды түздү.

Абитуриенттердин аймактык түзүмүн карасак, эң көп үлүш айыл жергесинен келген жаштарга таандык. Жалпы кабыл алынгандардын ичинен айылдардан келгендер абсолюттук лидерликти ээлеп, андан кийинки орундарды Бишкек шаарынан, чакан шаарлардан жана бийик тоолуу аймактардан келген абитуриенттер ээледи.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер