ЖОЖДОРГО ТАПШЫРУУ ӨНӨКТҮГҮ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ: БЫЙЫЛ ЖАШТАР КАЙСЫ КЕСИПТИ КӨП ТАНДАДЫ?

  • 13.08.2026
  • 0

Өлкөнүн жогорку окуу жайларына студенттерди кабыл алуу иштери жыйынтыкталып, «Абитуриент Online» системасы расмий жыйынтыктарды чыгарды. Быйылкы жайкы кабыл алууда жалпысынан 33 миң 187 абитуриент жогорку окуу жайына тапшырды.

Анын ичинен 79,5 пайызы же 26 миңден ашык абитуриент контрактык негизде окуйт. Ал эми мамлекет бөлгөн бюджеттик орундарга 6 миң 816 бала же болбосо, 20,5 пайызы өткөн.

Кабыл алынгандардын дээрлик баары (33 миңден ашуун адам) күндүзгү формада окушат. Сырттан окууга болгону 8 адам кабыл алынган.

Жаштар эң көп кайсы кесиптерге барды?

Быйыл абитуриенттердин арасында эң популярдуу болгон топ-5 багыт:

  1. Педагогикалык багыт: 7 366 студент (анын 1 758и бюджет)
  2. Гуманитардык кесиптер: 4 246 студент (346сы бюджет)
  3. Экономика жана финансы: 3 564 студент (156сы бюджет)
  4. Медицина: 3 390 студент (691и бюджет)
  5. IT (Маалыматтык технологиялар): 3 229 студент (1 071и бюджет)

Мындан тышкары, Юриспруденция багытына да 3000ден ашык бала тапшырган, бирок алардын баары толугу менен контрактык негизде окушат.

Ал эми мамлекет эң көп бюджеттик орундарды мугалимдик кесипке окугандарга жана программист (IT) адистигине бөлгөн.

А.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер