КЫРГЫЗСТАН — МЕНИН МЕКЕНИМ (1-2-кл.)

  • 10.09.2026

 1-2-класс, сабак-саякат

1. САБАКТЫН МАКСАТТАРЫ 

  • Билим берүүчүлүк: Окуучуларды Кыргызстандын мамлекеттик символдору (желек, герб) менен түшүнүктүү визуалдык жана оюн образдары аркылуу тааныштыруу.
  • Өнүктүрүүчүлүк: Интерактивдүү формалар жана жамааттык тапшырмалар аркылуу Ата Мекен, анын жаратылышы жана административдик түзүлүшү (7 облус) жөнүндө баштапкы түшүнүктөрдү калыптандыруу.
  • Тарбиялык: Жарандык инсандыкты, патриотизмди, үй-бүлөгө, мектепке жана туулуп-өскөн жерге болгон урматтоо сезимин тарбиялоо, ошондой эле биринчи класс окуучуларынын көнүгүүсү (адаптациясы) үчүн жагымдуу эмоционалдык чөйрөнү түзүү.

2. КҮТҮЛҮҮЧҮ НАТЫЙЖАЛАР

  • Инсандык натыйжалар:

-Өз үй-бүлөсүнө жана мектеп жамаатына сый-урматын, Мекенине болгон сүйүү сезимин билдирүү.

-Окууга жана «окуучу» деген жаңы статуска карата эмоционалдык-оң мамилесин билдирүү.

  • Предметтик / Таанып-билүүчүлүк натыйжалар:

-Кыргызстандын мамлекеттик символдорун (түндүк, Ак-Шумкар) таанып-билүү жана атоо.

-Кичи Мекени, анын жаратылышы жана өлкөнүн картасынын түзүлүшү жөнүндө түшүнүк алуу.

  • Коммуникативдик жана жөнгө салуучулук натыйжалар:

-Өз оюн билдирүү, жамаатта өз ара аракеттене билүү.

-Класстагы жүрүм-турумдун негизги эрежелери (сылыктык, өз ара жардамдашуу) менен таанышуу.

3. Колдонуучу каражаттар:

  • Аудио каражаттар:Тоо шамалынын добушу, жаныбарлардын туяктарынын дабышы, комуз күүсү.
  • Көрсөтмө куралдар:Кыргызстандын желеги менен гербинин сүрөттөрү, өлкөнүн чоң карта-пазлы (7 бөлүктөн турган).
  • Дидактикалык материалдар:Жумшак оюнчук («жүрөк» же «күн нуру»), сүрөт тартуу үчүн кагаздар, мугалимдин кийиминин элементтери (фуражка же көгүлтүр моюн орогуч).
  • Таркатма материалдар:окуучулар үчүн даярдалган  кичинекей тегерек  медалдар мисалы, «Кичинекей изилдөөчү» деген аталыштагы.

4. Сабактын  жүрүшү

1-этап. Киришүү бөлүм: Экспедицияга даярдык (5 мүнөт) 

  1. Уюштуруу учуру:

-Фондук аудиожазууну күйгүзүү (тоолор, комуз).

-«Изилдөөчү лайнердин» атмосферасын түзүү.

  1. Мугалимдин саламдашуу сөзү:

-Класска «илимий экспедиция» катары кайрылуу.

-Сабактын эрежесин киргизүү: саякат учурунда «жүрөктөрдү ачуу».

  1. Эмоционалдык маанай («Биримдик ыргагы»):

-Биргелешип аткаруу: 3 жолу кол чабуу жана 1 жолу терең дем алуу.

  1. Максатты коюу:Кыргызстан боюнча саякатка чыгууну жарыялоо.

2-этап. 1-станция: «Менин үй-бүлөм — менин таянычым» (6 мүнөт)

 1. Мугалимдин маеги: Үй-бүлөнүн фундамент катары ролун «калың арчанын тамырлары» аркылуу түшүндүрүү.

2. «Досторума жагымдуу сөздөр» интерактивдүү оюну:

-Жумшак оюнчукту айланта/чынжырча боюнча өткөрүп берүү.

-Ар бир окуучу өз үй-бүлөсү жөнүндө бир жылуу сөз айтат.

Методикалык колдоо: Мугалим тартынчаак балдарга багыттоочу суроолор менен жардам берет.

3-этап. 2-станция: «Менин мектебим — менин жаңы дүйнөм» (7 мүнөт) 

  1. «Таанышуу чынжырчасы» оюну:

-Мугалим өз атын айтып, белги белгилейт (колун жүрөгүнө коёт).

-Окуучулар кезеги менен жаңсоолорду кайталап, өз аттарын айтышат.

  1. Класстын эрежелерин киргизүү («Ийгиликтүү саякатчылардын сырлары»):

-«Сыйкырдуу күзгү» — сылыктык жана жылмаюу эрежеси.

-«Жардамчы кол» — өз ара колдоо көрсөтүү эрежеси.

-«Сыйкырдуу дүрбү» — билүүгө куштарлык эрежеси.

  1. Кийинки этапка өтүү: Класстан тышкары жайгашкан «сыйкырдуу порталдарды» ачуу.

4-этап. 3-станция: «Ата журттун чыйыр жолдору» (5 мүнөт) 

  1. «Виртуалдык сейилдөө» сенсордук көнүгүүсү:

-Балдар мугалимдин жаратылыш жөнүндөгү сөздөрүн угуп, көздөрүн жумуп, айтылгандарды элестетишет. Мисалы: Ысык-Көл, Ала-Тоо, тоо шамалы, булак.

  1. «Менин сырдуу жерим» тапшырмасы:

-Окуучулар туулуп-өскөн жеринде сейилдөөнү жакшы көргөн сүйүктүү жайларын кыскача айтып беришет.

  1. Этапты жыйынтыктоо:Окуучуларда биз элестеткен жана сейилдеген жерлердин ар бири Ата Мекенибиздин бир бөлүгү экендиги тууралуу түшүнүк калыптандыруу. КЫРГЫЗСТАН — МЕНИН МЕКЕНИМ  (1-2-кл.)

КЫРГЫЗСТАН — МЕНИН МЕКЕНИМ  (1-2-кл.)

КЫРГЫЗСТАН — МЕНИН МЕКЕНИМ  (1-2-кл.)

5-этап. 4-станция: «Менин Кыргызстаным — улуу Мекеним» (10 мүнөт) 

  1. Мамлекеттик символдор менен тааныштыруу:

-Желек: Кызыл түстүн, түндүктүн жана 40 нурдун маанисин түшүндүрүү.

-Герб: Ак-Шумкардыжана Ала-Тоо тоолорунун образдарын түшүндүрүү.

  1. «Экспедициялык топтор» жамааттык оюну (Өлкөнүн картасы):

-Классты 7 топко бөлүү (7 облуска ылайык).

-Ар бир топ өзүнүн пазл бөлүгүн доскага бекитет.

-Класс колдору менен тизеге чабуу кыймылын аткарат (аттын дүбүртүн туурайт).

Жыйынтыгында  бардыгы бирге: «Биздин Кыргызстан!» деп кыйкырышат.

6-этап. 5-станция: «Келечектин Кыргызстаны — бул мен» (5 мүнөт) 

  1. «Мен сүйгөн Кыргызстан» аталышында:

-Даярдалган кагаздарга   сүрөт тартуу (тоолордун, боз үйлөрдүн, экологиялык транспорттун же роботтордун  сүрөттөрү).

  1. «Өлкөнүн жүрөгү» оюну:

-Мугалим сүйлөмдү баштайт («Мен Кыргызстанды сүйөм, анткени…»), балдар кезеги менен аны аягына чыгарышат.

  1. Экранга же доскага чыгаруу: Балдардын кыялдары — бул өлкөнүн келечегинин пайдубалы!

7-этап. Жыйынтыктоо: Саякаттан кайтуу (2 мүнөт) 

  1. Мугалимдин жыйынтыктоочу сөзү:

-«Экспедициянын» жыйынтыгын чыгаруу.

-Достук жана ынтымак үчүн балдарды мактоо.

-Ар бир окуучуга «Биринчи класс окуучусу-изилдөөчүнүн паспортун» же смайликтерди   тапшыруу. 

Иштеп чыккан: Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана

кайра даярдоо республикалык инстиутунун Окуу-уюштуруу бөлүмүнун башчысы Асанова Гулянда 

 

Бөлүшүү