ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 35 ЖЫЛДЫГЫ: КЫРГЫЗСТАН — МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮН ӨЛКӨСҮ (5-кл.)
- 10.09.2026
- 0
5-класс
Өткөндү бил — учурду баала — келечекти жарат!
Сабактын максаты:
Окуучулар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн мааниси, өлкөнүн 35 жыл ичиндеги жетишкендиктери жана ар бир мектеп окуучусунун билим, жоопкерчилик, адептүү иштер аркылуу анын келечектеги өнүгүүсүндөгү жеке ролу тууралуу түшүнүк алышат.
Негизги сөздөр:
Эгемендүүлүк, Кыргызстан, Мекен, мамлекет, жетишкендиктер, маданият, билим берүү, маалымат, жоопкерчилик, мүмкүнчүлүктөр, келечек, өнүгүү, кызматташтык, технологиялар, мектеп окуучусу, жеке салым.
Күтүлүүчү натыйжалар:
- Эгемендүүлүк деген эмне экенин өз сөзү менен түшүндүрүшөт;
- Кыргызстандын мамлекеттик символдорун аташат;
- өлкөнүн жетишкендиктерине жана мүмкүнчүлүктөрүнө мисалдарды келтиришет;
- мамлекеттин өнүгүүсү үчүн билимдин жана билим берүүнүн маанисин түшүнүшөт;
- өлкөнүн өнүгүүсүнө кошо турган жеке салымын аныкташат;
- окуу жылына карата үч жеке максатын калыптандырышат.
Сабактын түрү: көйгөйлүү окутуу, практикалык жана изилдөө ишмердүүлүгүнүн элементтери камтылган бириктирилген сабак.
Сабактын методдору: аңгемелешүү, «акыл чабуулу», топтордо иштөө, визуалдык материалдар жана карточкалар менен иштөө, чакан изилдөө, чыгармачылык моделдөө, натыйжаларды презентациялоо.
Ресурстар: Кыргызстандын кооз жерлеринин жана жаратылышынын сүрөттөрү, ватман/А3, маркерлер, стикерлер, түстүү карандаштар, презентация, жеке пландын бланкалары.
Сабактын жүрүшү
- Кыргызстан — менин Мекеним
Мугалимдин киришүү тезиси: Ар бир адамдын Мекени бар — ал туулуп-өскөн жери, үй-бүлөсү, достору жана жакындары жашаган жер. Мекен — бул аймак менен чек ара гана эмес, бул биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз, тилибиз, жаратылышыбыз жана элибиз. Ар бир элдин кадырлап, аздектеп, мындан да жакшы кылууга умтула турган өз өлкөсү бар. Биздин Мекенибиз — Кыргыз Республикасы. 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыгын жарыялаган. 2026-жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө 35 жыл толот. Бул биздин жалпы тарыхыбыздын, жетишкендиктерибиздин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүбүздүн 35 жылы.
«Кыргызстанды тааны» оюну
Мугалим Кыргызстандын сүрөттөрү түшүрүлгөн визуалдык карточкаларды же слайддарды көрсөтөт.
Талкуулоо үчүн суроолор:
- Эмне тартылган (сүрөттөлгөн)?
- Бул кайда жайгашкан?
- Бул жер же окуя тууралуу эмне билесиздер?
- Бул сүрөттөр кандай сезимдерди жаратат?
- Бул сүрөттөрдүн баарын эмне бириктирип турат?
Негизги суроо:
- Сиз үчүн Кыргызстан эмне?
- Кыргызстанга байланыштуу 1-2 сөздү атагыла: үй, тоолор, үй-бүлө, Ысык-Көл, тынчтык ж.б.
(Жоопторду мугалим доскага жазат).
Сабактын көйгөйлүү суроосу: «Көз карандысыздык өлкөгө эмне берет жана эмне үчүн Кыргызстандын келечеги чоңдордон гана эмес, бизден да көз каранды?»
- Эгемендүүлүккө 35 жыл
Эгемендүүлүк түшүнүгү
Мугалим: «Сиздердин оюңуздарча, «эгемендүүлүк» деген сөз эмнени билдирет?» Окуучулар өз божомолдорун айтышат.
Көз карандысыз мамлекет төмөнкү белгилерге ээ:
- өз мыйзамдары;
- мамлекеттик символдору;
- мамлекеттик бийлик органдары;
- өзүнүн ички жана тышкы саясатын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;
- улуттук валютасы;
- өзүнүн өнүгүү багыттарын өз алдынча аныктоо укугу.
Жыйынтык
Эгемендүүлүк — бул мамлекеттин маанилүү чечимдерди өз алдынча кабыл алуу, өз турмушун куруу, маданиятын, экономикасын жана билим берүүсүн өнүктүрүү, башка өлкөлөр менен кызматташуу жана өз келечеги үчүн жоопкерчилик тартуу мүмкүнчүлүгү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору
Суроолор:
- Кандай мамлекеттик символдорду билесиздер?
- Кыргызстандын туусун кайсы жерлерден көрүүгө болот?
- Мамлекеттик гимн качан аткарылат?
- Эмне үчүн мамлекеттик символдорду урматтоо керек?
Маалымат блогу
- Мамлекеттик туу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.
- Мамлекеттик гимн 1992-жылдын 18-декабрында бекитилген.
- Мамлекеттик герб 1994-жылдын 14-январында бекитилген.
- Улуттук валюта – сом жүгүртүүгө 1993-жылдын 10-майында киргизилген.
III. Топтук иш: «Кыргызстан: кечээ — бүгүн — эртең»
Окуучулар 3 топко бөлүнүшөт:
1-топ — «Кечээ»
Эгемендүү Кыргызстандын түптөлүшү
Тапшырма: эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы Кыргызстанды элестетиңиздер. Суроолор:
- Эмнелерди түзүү жана өнүктүрүү зарыл эле?
- Өлкөгө эмне үчүн өзүнүн мамлекеттик символдору керек болду?
- Эмне үчүн маданиятты жана каада-салттарды сактоо маанилүү эле?
- Адамдардын биригүүсүнө эмне жардам берген?
« Кыргызстан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында» чакан плакатын түзүңүздөр. Плакатка 4–5 негизги сөздү жайгаштырыңыздар. Мисалы: эгемендүүлүк — мамлекет — символдор — маданият — эл — өнүгүү.
2-топ — «Бүгүн»
Кыргызстандын жетишкендиктери жана мүмкүнчүлүктөрү. Топко төмөнкү багыттар боюнча карточкалар берилет:
- Спорт
- Маданият
- Билим берүү
- Технологиялар
- Туризм
- Илим
- Ишкердик
Тапшырма: 3–4 багытты тандап, төмөнкү суроолорго жооп бериңиздер:
- Эмнелерге жетиштик?
- Жаштар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
- Кыргызстандын өнүгүүсүнө кайсы кесиптер жардам берет?
Талкуулоо: «Бүгүнкү күндө биздин өлкөнү ким күчтүү кылууда?» Окуучулар мугалимдерди, дарыгерлерди, инженерлерди, программисттерди, ишкерлерди, фермерлерди, куруучуларды, окумуштууларды, спортчуларды, маданият кызматкерлерин жана башка адистерди аташы мүмкүн.
«Кыргызстан — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» чакан плакатын түзүңүздөр.
3-топ — «Эртең»
10-15 жылдан кийинки Кыргызстанды элестеткиле. Кыргызстанды кандай көргүңүздөр келет?
Тапшырма: «Келечектеги Кыргызстан» деген темада сүрөт тартыңыздар же схема түзүңүздөр.
Эмнени өнүктүрүү керектиги жөнүндө ойлонуп көрүңүздөр:
- экологияны;
- билим берүүнү;
- илимди;
- STEM-технологияларды;
- робототехниканы;
- санариптик технологияларды;
- медицинаны;
- туризмди;
- спортту;
- маданиятты;
- эл аралык кызматташтыкты.
Негизги суроого жооп бериңиздер: «Бул үчүн адамдар эмне кылышы керек?»
Натыйжаларды презентациялоо жана талкуулоо: Ар бир топтун өкүлү өз ишин 1-2 мүнөттүн ичинде тааныштырат.
Ар бир презентациядан кийин мугалим бирден суроо берет:
- «Кечээ» тобуна: 35 жыл мурда маанилүү болгон нерселердин кайсынысы бүгүнкү күндө да маанилүү бойдон калууда?
- «Бүгүн» тобуна: сиздерге кайсы жетишкендик же өнүгүү багыты эң маанилүү? Эмне үчүн?
- «Эртең» тобуна: окуучу ушундай келечекти жакындатуу үчүн азыртадан эмне кыла алат?
Жыйынтык Өлкөнүн өткөнү, азыркысы жана келечеги бар. Биз өз тарыхыбызды билип, мурунку муундар жасаган эмгекти урматташыбыз керек. Биз азыркы мезгилде жашап жатабыз жана бүгүнкү күндө бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана алабыз. Бирок келечек өзүнөн өзү пайда болуп калбайт. Келечекти адамдар өз билими, эмгеги, жоопкерчилиги жана кылган иштери аркылуу курушат.
- Практикалык бөлүк: «Менин салымым жана бир жылдык планым»
Окуучулар 5-класс үчүн жеке планын түзүшөт.
МЕНИН 5-КЛАССТАГЫ ПЛАНЫМ
Бул окуу жылында мен:
- Төмөнкүнү билгим келет: __________________________
- Төмөнкүнү үйрөнгүм келет: __________________________
- Төмөнкү багытта жакшыргым келет: ______________________
- Мектебим, үй-бүлөм же өлкөм үчүн менин жакшы ишим: __________________
- Мен бүгүндөн баштап аткара ала турган иш: ________________________________________
Мүмкүн болгон варианттар:
- жакшы окуу;
- көбүрөөк китеп окуу;
- Кыргызстандын тарыхын изилдөө;
- тилдерди үйрөнүү;
- программалоону үйрөнүү;
- математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- жаратылышты сактоо;
- сууну жана электр энергиясын үнөмдөө;
- башкаларга жардам берүү;
- айланасындагыларды урматтоо;
- эрежелерди сактоо;
- өз мектебине жана шаарына кам көрүү.
- Рефлексия
«Аягына чыкпаган сүйлөм» ыкмасы
- Бүгүн мен … билдим.
- Бүгүн мен … түшүндүм.
- Кыргызстандын келечеги үчүн мен … кыла алам.
(Окуучулар сүйлөмдөрдү оозеки же стикерлерге жазып толукташат).
Жыйынтыктоо
Мугалим: «Келечектеги Кыргызстанга кайрылуу (кат) жөнөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар деп элестетели».
Класс биргеликте төмөнкүдөй кайрылууну түзөт жана кол коёт: «Биз — бешинчи класстын окуучулары, эгемендүү Кыргызстандын муунубуз. Биз эң жакшы окууга, жоопкерчиликтүү болууга, өз жөндөмүбүздү өнүктүрүүгө, бири-бирибизди сыйлоого, жаратылышты коргоого жана өзүбүздүн жакшы иштерибиз менен Мекенибизди мындан да жакшы кылууга умтулабыз!»
Мугалимдин жыйынтыктоочу сөзү:
- 35 жыл — бул биздин өлкөбүздүн тарыхы.
- Бүгүнкү күн — бул биздин жоопкерчилигибиз.
- Келечек — биз чогуу кура турган нерсе!
Иштеп чыккан: ПККЖжКДРИнин ага окутуучусу М.Л. Азимова