МУГАЛИМДИ КИМ АЛКАП, КИМ АЛДАП ЖАТАТ?

  • 09.10.2021
  • 0

Биздин коомдо агай-эжейлерди чын ыкластан урматтагандар менен катар алардын эсебинен пайда көрүүгө умтулгандар да бар экен, тилекке каршы…

 

Устатка таазим

Ар кандай конкурстарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө машине мингизген, там сатып берген, баалуу байгелерди ыйгарган азаматтарга баарыбыз ыраазыбыз. Ушундай иштерди колго алган уюмдар, фонддор аз болсо да бар экендиги кубандырат.

Мисалы, элеттик мектептердин башталгыч класс мугалимдерин колдоо максатында Санжарбек Данияровдун фонду он жылдан бери “Биринчи мугалим” сынагын өткөрүп келет. Бул конкурстун быйылкы жобосунан үзүндү келтирели:

“Сынактын эки турунун жыйынтыгында 1,2,3-орундарды ээлеген катышуучулар… Санжарбек Данияровдун атайын сыйлыгына ээ болушуп, Кыргыз Республикасынын борбору Бишкектин кызыктуу жайларына маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга эс алуу күндөрү окуучулары менен келишет. Сынактын экинчи турунда 1-орунду ээлеген жеңүүчү… Москва шаарына музейлерди, галереяларды, театрларды жана башка кызыктуу жерлерди кыдыруу үчүн 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка жолдомо менен сыйланат”.

Бул конкурстун чыгымдарын толугу менен аталган фонддун төрайымы Асел Даниярова өз үй-бүлөсүнүн бюджетинен каржылайт!

Максат-мүдөөсү ушуга жакын дагы бир сынакты Кыргызстанда үч жылдан бери Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов өз эсебинен жана досторунун жардамында өткөрүп жүрөт. Мисалы, быйыл баш байгени уткан окуучу ноутбук, финалга чыккандар жакшы китептер менен сыйланды.

Атасынын же чоң атасынын атындагы стипендия негиздеп, өз айылындагы мектептин окуучуларын ийгиликке шыктандырган, кабинеттердин жасалгасын, жабдылышын каржылап тургандар бар. Балким, мыкты мугалимдерди дайыма сыйлап жүргөндөр да табылат. Андай сүрөөнчүлөрдү (эгер коррупцияга тиешеси жок экени анык болсо) эч тартынбай мактап, атын элге таанытып туруу керек.

 

Чакыргандын баарына эле бара бериш керекпи?

Бирок  отуз сомдук алкакка салынган бир сомдук баракты же базарда сатылуучу бир-эки жүз сомдук сувенирди эл алдында колуна карматканы үчүн ар бир мугалимден төрт-беш миң сомдон чогултуп, аларды иштен калтырып, алыс-жуук жол бастырып, шаарга келгендеги жаткан-турган чыгымын да өздөрүнө жүктөгөн «сыйлагычтарды» эмне дейбиз?!.

Ырас, жакында Филармонияда өткөн уу-дуулуу иш-чарага бир нече таанымал адам акысыз эле катыштырылыптыр. Аларды лимузинге отургузуп, эки тарабына солдаттар тизилген кызыл килемден бастырып, дүңгүрөк музыка жаңыртып, төргө өткөрүштү. Анан тир укмуш “наамдарды” ыйгарышты. Бул маскарад кандайча, кимдердин эсебинен уюштурулганын билбеген белгилүү замандаштар өтө сүйүнүп, төбөлөрү көккө жетти.

Алар баёо пенделерди азгырган эпчилдер үчүн тирүү декорация, фон болуп бергенин байкаган жок. А беркилер ошондой таанымал кишилер менен бир күнү чогуу аты аталып, анча-мынча жеңил адамды ээликтиргидей кооз “наамдарды“ (баягы алкакка салынган баракты же “медалды”/арзан металлды) алганына кубанды.

Опур-топурга катышып, ушундай “наамдардын” бирин алып келген таанышым экөөбүздүн ортобузда болгон диалогдон келтирейин:

— 4-5 миӊ сомдон төлөтүштү деп мугалимдер даттанып жатат. Ушул оюнга сен катышпай эле койсоӊ болмок.

— Эмне үчүн? Мен бир тыйын да төлөгөн жокмун! «Чакыргандан калба, өзүң басып барба». Жакшынакай адамдар чакырып жатса…

— Сен сатып албайсың, албетте. Бирок алтын берсе да ошол арам бизнес жасагандардын колунан албаш керек. «Жакшынакай» алдамчылар баёо мугалимдердин эсебинен дасторкон жайып чакырса, барбаш керек.

— Анда мамлекеттик сыйлыктар дагы арамбы? 2000 доллардан cатып алышат экен.

— Сатылбасты сатып жатса, сатып алса, албетте, арам.

 

Туюктан чыгар жолбу же бул туӊгуюкка кептейби?

 

Жакшы сөзгө, мактоого адам баласы өтө муктаж. Айрыкча көр тирлик желкеден ныгыра басып, жерге житирчүдөй болуп турганда, бир ооз жылуу сөз кишиге дем-күч берип, туӊгуюктан чыгууга кайраттандырат. Бирок ишине эмес, капчыгына карай “баалаган” уу-дуулар мектептеги моралдык климатка терс гана таасир этери бышык.

Мугалимдердин көпчүлүгүн, дээрлик баарын сыйласак жарашат. Ушул заманда, ушунчалык аз айлыкка канагат кылып келатканы үчүн эле эң чоң алкышка татыктуу. Ал түгүл жалпы катмардан эч айырмаланбаган, сабагын деле орточо окуткан мугалимге жердештери, мурдагы окуучулары өздөрү каалагандай белек тартууласа, мисалы, там куруп берсе же машине мингизсе, муну колдоо гана керек.

Эгер жогорудагы иш-чараны уюштургандар мугалимдерди чындап колдойбуз десе, адегенде ар кайсы аймактарда, мектептерде кимдер өзгөчө сыйга татыктуу экенин билиш үчүн сурамжылоо жүргүзүп же конкурс өткөрмөк. Жеңүүчүлөрдүн же татыктуу деп тандалгандардын жол кире, тамак-аш, мейманкана чыгымын толук каржылап, бир барак кагаз же “медалдан” тышкары ноутбук, айтканга жарашкыдай акча же жок дегенде бирден кол телефон бермек. Калыс, таза уюштурулуп жатканын көрсө, бул иш-чараны каржылап бергидей азаматтар да табылмак.

А булардын максаты такыр башка – баёо мугалимдердин эсебинен пайдага туйтунуу экен…

 

Рухий мүдөө бийик болсо…

Мугалимдерге, мектептерге арналган ар кандай конкурстар жана башка шаӊдуу иш-чаралар чыныгы татыктууларды, эң мыкты адистерди тандап алуу, жалпы кызматкерлерди кесипкөйлүк жагынан өсүүгө шыктандыруу максатында уюштурулушу керек. Мисалы, июль айында “Билимдар” фонду “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебин окуу боюнча конкурстун жеӊүүчүсү Майрамгүл Орозбай кызына байге катары жеӊил унаа ыйгарды.

МУГАЛИМДИ КИМ АЛКАП, КИМ АЛДАП ЖАТАТ?

https://kutbilim.kg/news/inner/chynygy-kesipk-y-zhana-kitepk-y-mugalimderdin-zhe-ishi/

Өткөн аптада айтылуу Хан академиясынын Кыргызстанда иштей башташына арналган аземге келген айрым ишкерлер менен катар билим жаатындагы кызматкерлер “Билимге инвестиция жасайлы” деген чакырыкка жооп кылып, үч башка багыттагы лотко жалпысынан 700 миӊден ашуун сом каражат топтолду. Андан тышкары жер-жерлердеги мектептерге, мугалимдерге, окуучуларга колдоо үчүн да акча бериле турган болду. Алсак, Лейлектеги №3 эксперименталдык гимназияга даректелип бир нече жүз доллар жана сом эсебинде да жардам берилери жарыя айтылды.

МУГАЛИМДИ КИМ АЛКАП, КИМ АЛДАП ЖАТАТ?

https://kutbilim.kg/news/inner/han-akademiyasy-mykty-mugalimderdi-d-yn-g-taanytuuchu-platforma/

Мына жакында Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган быйылкы республикалык сынакта Ош шаарынын №52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаев 1-орунду ээлеп, компьютердик жана/же тиричилик техника алуу үчүн 100 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

 

Баткен облусунун Лейлек районундагы № 5 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Бактыгүл Сагыналы кызы 2-орунга чыгып, 80 000 сомго ээ болду.

Бишкек шаарынын №57 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Жапарова 3-орунга жетип, 60 000 сомдук сертификат алды.

Жеӊүүчүлөрдүн үчөөнө теӊ «Мыкты мугалим – 2021» медалы жана Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилди.

https://kutbilim.kg/analytics/inner/zhyldyn-mykty-mugalimderi-anyktaldy/

Бул жакшы иштер, албетте. Бирок муну менен эле чектелбеш керек.

 

Мугалимди барктабаган залимдерге кор болот

 

Кандай гана кооз ураан менен чыкпасын, коомдук маанидеги иштер бардык жагынан ачык-айкын, таза, логикалуу ырааты, так эрежеси менен уюштурулушу кажет. Ар кандай наамдарды ыйгаруу критерийлери так аныкталышы кажет.

Наам сатууга такыр тыюу салуу зарыл! Тескерисинче, агай-эжейлердин жол кире ж.б. чыгымын толугу менен каржылап, белгилүү өлчөмдөн кем эмес нарктагы белек бериши керек. Болбосо жумушунан калтырып, убара кылбасын эч ким!

Агай, эжейлерди ар кайсы маскарадчыларга мазак кылдырбаш үчүн аларга мамлекет жана жалпы коомчулук кам көрүүгө милдеттүү. Азыркыдай оор шартта иштеген мектеп жетекчилерине да жакшы көӊүл бөлүү керек.

Мугалим жалаӊ гана класстагы сабагы, үйүндөгү дептер текшермей, үй тиричилигиндеги түйшүгү ж.б. менен чектелип калбай, кесиптик өсүшкө умтулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Бул үчүн анын эмгек акысы жумуштун оордугуна, татаалдыгына жараша чоӊ болууга тийиш.

(Эгер өкмөт ачык-айкындыкты камсыздап, бюджеттин талап-тонолушуна бекем бөгөт койсо, ишкерлерди «мыйзамдуу» рекеттен, рейдерлик баскынчылыктан коргоп, бажыканаларды толугу менен санариптештирсе, паракорлорду – мамлекеттин, элдин канын соргон мителерди жойсо, мугалимдерибиздин эмгек акысын азыркыдан кеминде үч эсе көп төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк).

Мугалимдердин материалдык байгерлигине эле эмес, рухий өсүшүнө да кам көрүү өтө зарыл. Мыкты усулдарды, заманбап технологияларды үйрөнүп, ийкемдүү колдоно билсе, сабакты өзү эмес, окуучулары көбүрөөк сүйлөгүдөй, талкууга текши катышкыдай кылып уюштурса, демейкиден алда канча аз чаалыгат. Тескерисинче, жакшы өтүлгөн сабактан зор канагат алып, көӊүлү көтөрүлөт.

Мамлекеттик жана ведомстволук сыйлык, наамдарды ыйгаруу жоболорун толугу менен жаӊыртуу зарыл. Эч бир мугалим сыйлыктын артынан чуркабашы керек. Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында ар бир мугалимдин кесиптик камылгасы, колдоно билген усулдары, окуучуларынын жетишкендиктери ж.б. жөнүндө маалымат мүмкүн болушунча толук киргизилип, дайыма такталып, толукталып турууга тийиш.

Мугалимдин баркына жетпеген коом наадандарга кор болорун унутпайлы.

Татыктууларды убагында сыйлык-наамдарга көрсөтпөгөн райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, деректирлер, усулдук бирикмелердин башчылары, муну ыйгарууда калыстыктан тайган тийиштүү кызматтагылар, комиссия мүчөлөрү токтоосуз түрдө жоопко тартыла турган механизмдерди иштеп чыгуу кажет. Бул жагынан мугалимдер өздөрү биринчи кезекте кайдыгер болбой, калыстыкты талап кыла жүрүшү керек.

Ошондо коомдук уюмдардын сыйлыктарына болгон мамиле да кескин өзгөрөт.  Буга катар жаран менен мамлекеттин, жеке инсан менен коомдун ортосунда өз ара жоопкерчиликтүү, талаптуу мамиле орнотууга өбөлгө түзүлөт.

Азырынча, мугалимдер ар кандай жылтыракка азгырылып алдана берген шартта, өздөрүнүн чыныгы кадыр-баркын жетик билбеген же ал үчүн күрөшпөгөн шартта алардын окуучулары чыныгы намыстуу жаран болуп өсүшү дээрлик мүмкүн эмес…

 

Сүрөттө: “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебин окуу боюнча конкурстун жеӊүүчүсү Майрамгүл Орозбай кызы.

 

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер