ЧЫНЫГЫ КЕСИПКӨЙ ЖАНА КИТЕПКӨЙ МУГАЛИМДЕРДИН ЖЕӉИШИ

  • 05.07.2021
  • 0

5-июлда И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китеби боюнча өткөрүлгөн республикалык китеп окуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.

Мугалимдердин билимин өркүндөтүү аркылуу эркин, сынчыл ой жүгүрткөн, педагогикалык асыл идеяларды аздектеген, билимдүү коомду калыптандыруу мүдөөсүн көздөгөн бул сынакты билим берүү жана социалдык багыттагы «Билимдар» долбоорунун алкагында быйылкы жылдын башында “Дембер” кыймылы (Адилет САМСАЛИЕВ, Булутбек ИМАРОВ, Бийик РЫСКУЛОВ, сүрөттө – солдон оӊго карай) уюштурган эле.

ЧЫНЫГЫ КЕСИПКӨЙ ЖАНА КИТЕПКӨЙ МУГАЛИМДЕРДИН ЖЕӉИШИ

— Бүгүнкү иш-чараны COVID-19 илдети күчөп жатканына байланыштуу чакан чөйрөдө жыйынтыктоону туура көрдүк, Азыр бул иш-чарага бардык аймактардан мугалимдерибиз онлайн түрдө катышып жатат, — деди китептин түзүүчүсү жана авторлордун бири педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматов. — Мугалимдерге абдан керектүү беш китепти тандап, чет тилдерден которуп, бир жыйнакка топтодук. Саид Чамлыжанын “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт”, Тодд Уайтекер жана Аннет Бренин “Идеалдуу мугалим болуунун сырлары”, Харит Эртургулдун “Ийгиликтүү мугалимдерге кеӊештер” аттуу мыкты китептери менен кошо өзүмдүн “Мугалимдин устаттыгы” китебимди да кошуп, чоӊ жыйнак кылып чыгардык. Бул китепти окуган мугалимдер өзгөчө белек деп баалашты. Айрым кесиптештер муну педагогикалык окуу жайларда колдонуу керек деп сунуштады.

Салтанаттуу аземдин башталышында аталган конкурстун кантип уюштурулуп, өткөрүлгөндүгү, анын жалпы мугалимдер коомчулугуна тийгизген таасири тууралуу видео тасма көрсөтүлдү.

Андан соӊ Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап НУРБАЕВ, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира ЖУСУПБЕКОВА (онлайн), И. Арабаев ат. КМУ проректору Жеӊиш БЕКСУЛТАНОВ, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан МЫРЗАЛИЕВА ж.б. куттук сөз айтышты.

Мугалимдик кесиптеги чыгармачыл мамиленин өзгөчө мааниси тууралуу Казакстандын Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВ мисал келтирип айткан окуя жыйындын катышуучуларына абдан таасирдүү болду.

ЧЫНЫГЫ КЕСИПКӨЙ ЖАНА КИТЕПКӨЙ МУГАЛИМДЕРДИН ЖЕӉИШИ

Баш байге – автоунаа Сүлүктү шаарындагы И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинин мугалими Майрамгүл ОРОЗБАЙ кызына ыйгарылды. 1-орунду ээлеген Назарбек ТУРГАНАЛИ уулу (Алай району, А.Арзиев ат. о.м. математика мугалими) жана Кызжибек АЙДАРБЕКОВА (Ноокат ш., Н. Крупская ат. о.м. математика мугалими) ноутбук алды. 2- жана 3-орундарга жеткен Бурул АБДЫРАХМАНОВА (Баткен району, Бужун мектеп-гимназиясынын информатика мугалими), Зарина АБДИВАЛИ кызы (Айдаркен ш., Моло толук эмес о.м. орус тили мугалими), Дилорам УМУРКУЛОВА (Москва району, Сретенка о.м. англис тили мугалими) жана Салтанат АБДИБАЙИТОВА (Кадамжай району, №54 Эшме о.м. информатика мугалими) смартфон менен сыйланышты. Дагы 29 мугалим Ысык-Көлдө уюштурулуучу семинар-тренингге жолдомо менен сыйланды. Алар 6-11-июль күндөрү көл жээгинде эс алып, 72 сааттык окуу курсуна катышат да, атайын сертификатка ээ болушат.

Китепкөйлүк – мугалимге эӊ зарыл сапат

 

— Конкурстун максаты ар бир инсандын жетилүүсүндөгү эӊ маанилүү сапаттардын бири катары китепкөйлүк маданиятын жандандыруу эле, — деди Бийик РЫСКУЛОВ жекече сүйлөшкөнүбүздө. – Көп мектептердеги мугалимдердин дилгирлиги бизди абдан таӊ калтырып, кубантты. Мындай китеп ар бир мугалимдин колунда болушу керек деп бир мектепке 20-30 нуска сатып алгандар болду. Күн сайын китептин тийиштүү беттерин белгилеп, баары үйдөн калтырбай окуп, чоӊ танапис учурунда жана сабактар аяктагандан кийин атайын убакыт бөлүп өтө кызыктуу талкуу уюштурган жамааттар бар.

Көп мектептерде “Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт” китебине таасирленген мугалимдер анын негизинде конкурс, семинар-тренинг ж.б. иш-чараларды өткөрүштү. Райондук билим берүү бөлүмдөрү да мугалимдер жана тарбиячылар үчүн семинарларды уюштурду. Республиканын бардык аймактарынан 4000ден ашуун мугалим бул китепти окуп, сынакка 1550сү катышты.

Пенсияга чыгар курактагы мугалимдер да кызыгып окушту. Ал турсун ата-энелер көӊүл бурду — сынакка катышпасак да, окуйлу деп сатып алгандар болду. Айрыкча Баткен облусунда дилгир китепкөйлөр абдан көп экен!

Ушул жерден бир кейиштүү көрүнүштү айтпай коё албайм. Тилекке каршы, азыркы кезде китеп окуу салты, маданияты жок болуп кетчүдөй даражада начарлап баратат. Китеп эмес, ушул конкурстун жол-жобосу жөнүндөгү бир-эки баракка сыйгыдай текстти да окугандан эринип, “түшүндүрүп койчу” деп телефон аркылуу сурагандар бар. Көпчүлүк адамдар дапдаяр нерселерге көнүп алып, өз алдынча окуганга, ойлонгонго жалкоолонуп бараткансыйт.

Дагы бир жагдай – биздин мугалимдердин кыйласы медиа сабат жагынан атайын даярдыктан өтүүгө муктаж экен. Смартфонду мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбаса, электрондук почта, код, пароль, шилтеме сыяктуу эӊ зарыл, өтө жөнөкөй нерселерди билбесе, азыркы маалымат доорунда кантип балдар менен иштейт? Ушул багытта атайын окуу курстарын уюштуруу зарыл экен.

 

Жолдош Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер