“МЕЙКИН” МЕДИА СЫЙЛЫГЫНЫН ЖОБОСУ ӨЗГӨРДҮ
- 21.09.2026
- 0
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги “Мейкин” улуттук медиа сыйлыгынын жобосун өзгөртүп, номинациялардын санын 10го жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун өкүлү Зарина Калмуратова билдирди.
Жаңыланган жобого ылайык, сынак медиа жана журналистика тармагындагы заманбап багыттарды камтыйт. Алардын катарында:
Мыкты телерадио долбоор;
Мыкты интернет-долбоор;
Жылдын мыкты подкасты;
Мыкты YouTube-канал;
Маалыматтык-мультимедиалык мыкты долбоор жана башка тармактар бар.
Сынактын эрежеси боюнча ар бир номинацияда бирден гана жеңүүчү тандалып алынат. Аларды тандоо үчүн 11 кишиден турган атайын конкурстук комиссия түзүлөт.
Кезектеги сынак 2027-жылы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар Маалымат жана басма сөз күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.
“Мейкин” сыйлыгы 2024-жылы Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ата мекендик медиа жана журналистика тармагын колдоо, өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Эске салсак, “Кут Билим” гезити бул сынакка катышып «Билим – Келечек” номинациясын жеңип алган.
А.К., «КБ»