“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

  • 05.10.2021
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган майрамдык иш-чарада  “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы — 2021” республикалык сынагынын  жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аталып, баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп-тарбиялоодогу ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси мыктылардын мыктыларына тапшырылды. “Жылдын  мугалими – 2021” сынагында 1-орунду ээлеген Ош шаарынын №52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгиз Шамырзаевге “Мыкты мугалим — 2021”  медалы, 1-даражадагы диплом, 100 миң сомго сертификат (компьютердик жана/же тиричилик техника алуу үчүн), Ысык-Көлгө эс алууга путевка тапшырылды. 2-орунга чыккан Баткен облусунун Лейлек районундагы № 5 мектеп-гимназиясынын математика мугалими Бактыгүл Сагыналы кызына медаль, 2-даражадагы диплом, 80 000 сомдук сертификат, путевка ыйгарылса, 3-орунду багындырган Бишкек шаарынын №57 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Гүлзат Жапарова 60 000 сомдук сертификат, 3-даражадагы диплом, «Мыкты мугалим – 2021» медалына жана путевкага татыктуу болду.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Мугалимдерге таазим!

Мугалимдердин кесиптик майрамы менен билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов куттуктап,  ары ардактуу, ары жооптуу, ары татаал  кесиптин ээлерине башын ийип таазим кылды.

— Мугалимдик кесип — өтө оор, түйшүктүү. Өмүрүңүздөрдү балдарга, келечеккке арнап, алардын жүрөгүнөн түнөк таап, билим берип, бактылуу инсандардан болсун деп тилеп, эмгегиңиздерди арнап, тарбиялап келатасыздар. Тилегиңиздер орундалып, буюрса, балдар элибиздин, коомубуздун алдыңкы инсандары болот,  алар  эмгегиңердин акыбетин кайтарып берет деп ишенем. Өзгөчө эки жылдан бери өтө оор учурда, дүйнө жүзүн каптаган коронавирус келгенден бери өмүрүңүздөрдү тобокелге салып, коркунучка дуушар болсоңуздар дагы билим бергенди таштаган жоксуздар. Мугалим деген наамды алып жүргөндөргө терең урматтоо менен башымды ийип, таазим кылам, — деди министр.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Андан соң сөз Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашовага берилди.  Ал мугалимди кылымдар бою барктап, баалап келишкенине токтолуп, 1994-жылдан бери 5-октябрда жүздөн ашык мамлекетте Мугалимдердин кесиптик майрамы майрамдалып келатканын баса белгиледи.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

— Мугалим дүйнө жүзү боюнча эң барктуу, эң ардактуу, эң салмактуу, эң сүйүктүү кесип. Адеп-ахлак кризисине дуушар болуп турганыбызды баарыбыз билебиз. Ушуга байланыштуу КР Президенти С.Жапаров 50 жылга жете тургандай “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыкты чыгарып берди. Жарлыктын негизинде эле иш алып барсак коомубузду оңдоп алабыз деп ойлойм. Тарбия ата-энеден башталып анан гана бала бакчага өтүшү керек. Бүгүнкү күндө бала бакчаларда 196 миң балдар тарбияланып жатса, мектепте 1 млн. 357 миң 408 окуучу билим алып жатышат. Ал эми кесиптик окуу жайларда 342 миңден ашуун студенттер билим алышууда. Мектептерде 83633 мугалим эмгектенип жатышат. Албетте, айлык аз, социалдык көйгөйлөр жок эмес, өзгөчө пандемия канчалаган адамдардын жашоосун өзгөрттү. Мугалимдер ушул учурда эң чоң эмгек кылышты. Абдан кыска убакыттын ичинде башкача нукка бурулуп, Сиздер чыныгы билимдүү, кесипкөй адис экениңиздерди көрсөттүңүздөр. Онлайн форматта кандай гана материалдарды даярдадышты. Абдан кыска убакытта дистанттык окууга өтүп, канчалаган видеосабактар иштелип чыкты. Пандемия билим берүү системасына чоң өзгөртүүлөрдү киргизди. Мугалимдер үчүн электрондук аянтчалар, электрондук китепканалар түзүлүп, окуучуларга онлайн тестирлөөнү, 7000 ашык видеосабактарды, котормолорду мугалимдер иштеп чыгышты. Канча деген эмгек, эмне деген ден соолук кетип жатат, ошого карабай эмгек кылып жатасыздар. Мамлекет Сиздерге ыңгайлуу шарт түзүшүбүз керек. Мугалимдердин комфорттуу жашаганына биз жоопкерчиликтүүбүз. Кыргызстан билим берүү системасында башкарууну, каржылоону натыйжалуу жолго салууга аракет кылып жатат. Мугалимдердин айлыгы үч жолу көтөрүлдү, мугалимдик кесипке окуп жаткан студенттердин дагы стипендиясы өзгөчө. Ипотекалык насыя биринчи кезекте мугалимдерге берилсин деген сунуштар бар, — деди Жылдыз Бакашова.

“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси алдыңкыларга тапшырылды

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ”  “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ”  “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Куттуктоолордон кийин билим министри Болотбек Купешов  “КР Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Бел-Алма орто мектебинин математика мугалими Алтын Жалиловага, Ош шаарындагы №8 мектеп-гимназиясынын өзбек тили жана адабияты мугалими Аширхон Жалаловага, Ат-Башы районундагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин баян классынын мугалими Мэлис Жумалиевге, Араван районундагы Манас орто мектебинин Г.Нарбаев атындагы башталгыч мектебинин орус тили жана адабият мугалими Хаписахан Гапаровага,  Талас облусунун Манас районундагы  Н.Цыренин атындагы мектептин музыка мугалими Докторкүл Эрматовага, Чүй облусунун Сокулук районундагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиянын орус тили жана адабияты мугалими Шайырбүбү Касымовага, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №9 жалпы орто билим берүү мектебинин тарых мугалими Базаркүл Осмоналиевага, Бишкек шаарындагы №72 мектеп-гимназиясынын орус тили мугалими Анаркүл Байтиковага, Токтогул районундагы №14 Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими Турсунайым Мураталиевага жана Бишкектеги №12 балдар бакчасынын кыргыз тили мугалими Алтынкыз Бегалиевага көп жылдык үзүрлүү эмгектерин белгилеп, сыйлыкты тапшырды.

Билим олимпин багындыргандар

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова салтанаттуу иш-чарага келген билим берүү тармагынын жоокерлерин куттуктап, республикалык сынак абдан адилеттүү, таза өткөнүнө токтолуп, билим олимпине чыккандарга министрликтин баалуу белектерин тапшырды.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Республикалык “Жылдын мыкты мугалими – 2021” сынагынын лауреаттары 15 миң сомдук сертификат, Ысык-Көлгө эс алууга путевка менен сыйланышты, алар: Талас шаарындагы №1 А.Чолпонкулов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эльмира Бегалиева, Нарын облусунун Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Таалайкүл Куленбекова, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ы.Туманов атындагы орто мектебинин математика мугалими Нурзада Абдыкалыкова, Ош облусунун Кара-Суу районундагы №79 Чолпон атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Феруза Мирзаева, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы №29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Акылай Мараимова. Ал эми «Мыктынын эң мыктысы» номинациясынын жеңүүчүсү Аламүдүн районундагы Айдарбеков атындагы №1 мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Мария Медведева 30 миң сомдук сертификат, «Жылдын мыкты мугалими -2021»                            кароо-сынагынын лауреаты,  диплом жана эс алууга путевка утуп алды.

Мындан тышкары республикалык  “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2021” сынагынын жеңүүчүлөрүнө министрликтин статс-катчысы Калыс Шадыканов  тапшырып, жалпы мугалимдерди майрамы менен куттуктады.

Жеңүүчүлөр: Ош шаарындагы №61 “Ак-Каркыра” бала бакчасынын тарбиячысы Маргарита Нагаева 1-орунга чыгып, 100 миң сомдук сертификат, эс алууга путевка менен сыйланды. 2-орунду Нарын шаарындагы №16 “Ыйман” бала бакчасынын тарбиячысы Сюита Басылбекова жеңип алып, 80 мин сомдук сертификат жана путевкага ээ болду. 3-орунга Жети-Өгүз районундагы Ш.Самакова атындагы «Наристе» бала бакчасынын тарбиячысы Любовь Владимировна Саратова чыгып, 60 миң сомдук сертификат, путевка менен сыйланды. Ал эми  “Дебют” номинациясынын жеңүүчүсү деп Кайыңды шаарындагы «Куш-Канат» бала бакчасынын тарбиячысы Залина Турдугожоева аныкталып, 30 миң сомдук сертификат, эс алууга путевка тапшырылды. Республикалык “Жылдын мыкты тарбиячысы”  сынагынын лауреаттарына дагы 15 миң сомдук сертификат жана путевка тапшырылды. Алар: Лейлек районундагы ”Арча-Бешик” бала бакчасынын тарбиячысы Жазгүл Эркебаева, Ноокен районундагы №42 “Нур-Айым” бала бакчасынын тарбиячысы Айкүмүш Маманова, Кара-Суу районундагы “Нураида” бала бакчасынын тарбиячысы Канышай Бекешова, Манас районундагы №5 “Бакыт” бала бакчасынын тарбиячысы Айзада Анарбекова,  Бишкек шаарындагы №100  бала бакчасынын тарбиячысы Акмарал Байтанаева.

Кара кылды как жарган калыстар тобу

Ошентип быйылкы “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2021” башка жылдардан өзгөчөлөнүп өткөнүн министрликтин адистери, эксперттер айтышууда. Сынак эң башкысы таза жана адилеттүү өткөнү менен тарыхта калды. Анткени бул жолу калыстар тобу дагы ар бир турга өзүнчө бекитилген. Ар бирине баалоо критерийлери таркатылып, сынак өтүп жаткан жерде эле бааларын чыгарып жатышты. Алардын көз карашы менен залда отургандардыкы дал келгени кубандырбай койбойт. Калыстар тобунун мүчөлөрүнө көз карандысыз уюмдардан, жогорку окуу жайдан, мектептен, Билим берүү академиясынан, республикалык мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунан да алынган.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Америка университетинин кыргыз тили жана адабияты предметинин окутуучусу, жюринин мүчөсү Бурул Шамбаеванын айтуусуна караганда, конкурсанттар өткөн ачык  сабактар жалпы жонунан жакшы деп айтса болот.

— Анткени мугалимдер жаңы сабактын түрлөрүн өткөрүп, жаңыча багытта билим берүү, сабактарынын структурасын өзгөртүүдө бир топ жакшы иштери бар экен. Конкурстун өзүнүн өтүү ыкмасы, Жобосу дагы жаңы экен. Ар бир комиссиянын мүчөсү өзүнүн көз карашы менен мугалимдин ишин баалап, аныктама бердик. Сынактын экинчи турунда мыкты мугалимдерди алдыга алып чыктык. Биз окутуудагы интерактивдүү ыкмаларды кандай колдонуп жатат, ушулар натыйжа берип жатабы же берген жокпу, окуучулардан кандай жыйынтык чыгып жатат дегенди карадык, — дейт калыстар тобунун мүчөсү.

Изденүүдөн ийгиликтер жаралат

Чу дегенде эле сынактын биринчи турунда өзүн-өзү тааныштыруу тапшырмасында тогуз катышуучунун ичинен иргелип үч нукура мугалим чыга келди. Алар баскан-турганы, сүйлөгөнү, өзүн тааныштыра билгендиги, калыстар тобунун берген суроолоруна так жана туура жооп бергендиги менен залда отургандардын жүрөгүнөн түнөк табышты. Алардын бири Оштон келген Илгиз Шамырзаев, конкурсанттардын ичинен жалгыз эркек, болгондо да жаш мугалим. Анын мектепте иштегенине беш жылдын жүзү болуптур.  Илгиз Шамырзаев өзүн тааныштырууда заманбап технологияны мыкты өздөштүргөнүн, жаш болсо дагы методикага  байланыштуу үч китепти жазып койгонун, облустук, шаардык деңгээлде ар кандай сынактарга катышып, дайыма байгелүү орундарды багынтып келатканын анын видеоролигинен көрдүк.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

— Окуткан, окуттурган,

Азга да топук кылган.

Жакшыга эшик ачып,

Жамандан тосуп турган.

Мекенге ар жыл сайын,

Мекенчил уул-кыздарды кошуп турган,

МЕН МУГАЛИММИН! – деп ал сөзүн баштады.

Мугалимдикке болгон анын кызыгуусу окуучулук партадан эле башталган экен. Ошол кызыгуусу аркылуу мугалимдик кесипке  кадам таштаганын айтты.

— Эмгек жолумда ийгиликтин башкы тепкичи кесипти туура тандоодон башталарын түшүндүм. Өз кесибимди жаңылбай тандадым. Кесибиме болгон сүйүүм студенттик чагымда эле ийгилик жаратуума себеп болду. Анын натыйжасында 2016-жылы студенттердин «Педагогикалык дебют — 2016» республикалык сынагында баш байгени жеңип алдым.

Кесибиме кантип кадам таштадым,

Өнүгүүнү кайдан, кантип баштадым?

Өсөм дедим өзгөлөрдөн жол издеп,

Барактадым көп китепти жооп издеп.

Ар бир китеп ачып каткан сырларын,

Айтты акыл, тажабастан тыңдадым.

Кесиптик өнүгүүмө өбөлгө болгон дагы бир таасир катары педагогикалык кызматташтыкты айтар элем. Мыкты мугалимдердин, кесиптештеримдин сабактарына катышып, педагогикалык чеберчиликтин сырларын өздөштүрдүм. Ошол эле учурда өзүм өткөн сабактарга кесиптештеримдин берген баалары мени жаңы идеяларга багыттап турду. Ар күнү сабакка иштелме жазуудан тажабайм. План-иштелме мугалимдин алдыдагы сабагына даярдыгы, жоопкерчилиги экенин жакшы түшүнөм. Бул мени мыкты сабактарды өтүп гана тим болбостон, мыкты план-иштелмелер сынактарында бир нече жолу жеңүүчү болууга да жеткирди, — деди Илгиз.

Ал өз тажрыйбасы менен башкалар менен бөлүшүп тураарын баса белгиледи. Анын эмгектери мезгилдүү басылмаларда жарыяланып келатканы да айтылды.

— Компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалар – окуучунун өнүгүүсүнө өбөлгө боло тургандыгын ар дайым эске алам.

Ушул собол тынчтык бербей түйшөлтөт,

Окуучулар качан, кантип өнүгөт?

Жообун таптым: суроо жана тапшырма,

Багытталса окуучуга дайыма.

Ойго салып, сезимдерде күү чертип,

Туруш керек өнүгүүгө дем берип.

Албетте, бул тапшырмаларды бала аткаргандан кийин, анын өнүгүүсү бааланып турууга тийиш. Бул үчүн баалоо каражаттарын мезгил талабына ылайык түзүп, пайдаланып келем. Биздин ишибиздин натыйжасы окуучуларыбыздын жетишкендиги менен бааланат эмеспи. Алардын окуудагы, шаардык жана республикалык сынактардагы ийгиликтери изденип иштөөгө түртүп келет. Изденүүдөн ийгиликтер жаралат, — деди Илгиз Шамырзаев.

Илгиздин өзүнүн сайты, каналы да бар экен.

Андан соң калыстар тобунун баардык суроолоруна такалбай туруп жооп бергени баарыбызды кубандырды. Уучубуз кур эмес экен. Нукура мугалимдердин жаш мууну келатканы жүрөгүбүздү жылытты.

Сыйлык алгандан кийин жеңүүчүнү сөзгө тартсак, ал билим берүү боюнча атайын стандарттар иштелип чыкканына токтолду.

— Ал стандарттарда окуучуга бир сабак ичинде эмнени беришибиз керек, күтүлүүчү натыйжага кантип жетип барышыбыз керек дегендер камтылган. Менин конкурстук ачык сабагым стандартка багытталган, ошондуктан мен ойлогон баскычта өттү. Мугалимдин өзүнүн чеберчилиги  жаңыдан эле көрүшкөн окуучулар менен ишмердүүлүктү уюштуруп кетүү себеп болду окшойт. Ош шаардык “Жыл мугалими – 2021”  сынагында жеңип, бир бөлмөлүү батирдин ээси болгом. Эми ошол үйүмө 100 миң сомдук сертификатка  Табылга үй-тиричилик  дүкөнүнөн керектүү буюмдарды алып,  үйүмдү толтурам деген оюм бар.

Заманбап мугалим

Философ Сократ айткандай, экинчи тубаса мугалим алыскы Лейлектен келген Бактыгүл Сагынаалы кызы болду. Бул дагы жаш мугалим.

Бактыгүл Лейлек районундагы №5 мектеп-гимназиясында математика мугалими болуп эмгектенип келет.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

— Бүгүнкү күңдө өнүккөн өлкөлөр ар тараптуу инсанды тарбиялоо үчүн колунан келген баардык күч-аракеттерди жумшашууда. Анткени өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу адистерден көз каранды. Сапаттуу инсанды даярдоо мугалимдин ийгилигине байланыштуу. Андыктан мугалимдик кесип – тынымсыз изденүүнү жана жоопкерчиликтүүлүктү шарт кылган кызмат. Мугалим окуучулары жана чөйрөсү үчүн билим булагы болуп, келечекти, бүтүндөй бир муунду калыпка салган кеменгер инсан. Ал эми мен азыркы маалыматтык технологиянын өнүгүү доорунун мугалими – өткөндө калыптанган, тарбия системасынын жетишкендиктерин сактай билген, жаңысын жаратып, аны өз ишинде чыгармачылык менен колдоно алган кесипкөй инсан катары өз ишмердүүлүгүмдө негизги үч сапатты өнүктүрүүнү максат кыламын. Алар: билим, жөндөм жана инсандык сапаттар. Анткени, билими, жөндөмү жана инсандык сапаттары өнүккөн мугалим өзүнө жана чөйрөсүнө жарык бере алат, — деди Бактыгүл.

Билим – бул күч, энергия. Жашоонун кыйынчылыктарын билим менен жеңип, тоскоолдуктарынан билим менен гана өтө алаарыбызга токтолду.

— Бул бөлүмгө менин предмет боюнча, методика, педагогика, психология, андрогогика жана санариптик технология боюнча билимдерим кирет. Окуучулар мугалимдин катуулугун, урушкандыгын кечирет, бирок өзүнүн предметин билбегенди кечирбейт деп улуу педагог Макаренко айткан. Ошондуктан ар дайым өз предметим боюнча билимимди өнүктүрүү менен ар кандай курстарга, семинар, конференцияларга  катышып, математика сабагын турмуш менен байланыштырып, башка предметтер менен айкалыштырып өткөнгө аракет кыламын. Натыйжада окуучуларымдын бул илимге болгон кызыгуусу артып ар кандай олимпиада, конкурстарда өздөрүн активдүү көрсөтүп келүүдө. Мисалы, 2020-2021-окуу жылында 6-класстардын республикалык математика боюнча олимпиадасында жети окуучум облуска өтүп, жакшы жыйынтык бере алды жана азыркы учурда бир окуучум жеңилдетилген төлөм менен “Сапат” билим берүү мекемесинде окуусун улантууда. Ошону менен катар эле 7-класстын окуучусу Катраң айыл Өкмөтүнүн мектептеринин арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиадада 1-орунду ээледи. 9-класстын окуучусу математика боюнча райондук турда байгелүү 3-орунду камсыз кылды. Окуучуларымдын ийгилиги менин сыймыгым деп билемин, — деди конкурсант.

Андан соң ал аныкталган максатты ишке ашыруудагы окуучу менен мугалимдин биргелешкен иш-аракети, окутуунун бир канча ыкмаларын өздөштүрүү менен окуучуларга аңгеме-сабак, жомок-сабак, саякат-сабак, сахна-сабактарды максаттуу өтүп келгенин айтты.

Ал эми интерактивдүү окутуу  – бул  мугалим менен окуучунун, окуучу менен окуучунун биргелешкен иш-аракети, бири-бирине билгенин бөлүшүү менен билим куржуну толуп, сабактын натыйжалуу болушуна жардам берерине токтолду.

— Ал эми педагогика, психология, андрогогика боюнча билимдеримди пайдаланып туткасы жок каалгалардын ичине кирип, жан дүйнөсүнүн өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп, аларды сүйүү милдетим деп билемин. Сүйүүнүн символу – мугалим. Сүйө алган, сүйүлгөн жана сүйдүргөн мугалимге өлкөбүз гана эмес, бүтүндөй дүйнө муктаж. Мен окуучулардын жүрөгүнө жол тапкан бир жолду билемин, ал аларды сүйүү деп эсептеймин.  Ошондой эле окуучу куш сыяктуу. Мугалим бир канаты болсо, ата-эне экинчи канаты. Качан гана эки канат бирдей күүлөнгөндө гана куш алыска жана бийикке уча алат. Ошол себептен ата-энелер менен байланышты бекемдөө максатында ар кандай сынактарды уюштуруп турамын. Бул ата-энелер менен тыгыз байланышта болуунун эң жакшы ыкмасы деп билем. Мисалы, ата-энелер менен биргеликте өткөрүлгөн “Келгиле, китеп окуйлу” сынагы, “Брейн-Ринг” интеллектуалдык таймашы. Ошондой эле айыл өкмөттүн деңгээлинде уюштурулган “Билерман ордо” сынагын айталамын. Окуучуларды, ата-энелерди китеп окууга тарбиялоо менен алардын дүйнө таанымын кеңейтип, ой-өрүшүн өстүрүп, чечендикке, тапкычтыкка тарбиялай аламын жана байланышты бекемдеймин. Санарип мугалим болуу заман агымы эмес, заман талабы. Анткени, илим дүйнөсүндөгү өнүгүүлөр, байланыштын тездиги, технологиялык каражаттардын көбөйүшү, адамдын тынымсыз изденүү менен өзүн-өзү жаңылап туруусун талап кылууда. Андыктан окуучудан ат чабым алдыда болуу менен жаңы технологияларды колдонуп, ар кандай жаңы программалар менен кызыктуу сабак өтүү биздин башкы милдетибиздин бири болууда, — деди Б. Сагыналы кызы.

Ал XXI кылымдын заманбап жаш мугалими катары, multiurok, Infourok, сайттары аркылуу башка мугалимдер менен тажрыйба алмашып, өзүнүн ютубдагы жаш мугалим каналы аркылуу видеосабактарын, маалыматтарды  бөлүшүп турат. Plickers,  ZipGrade, Kahoot, Rindome, Socrstive, Edpuzzle аркылуу окуучулардан тесттердин ар кандай түрлөрүн алып, билимдерин текшергенге жетишкен заманбап мугалим. Андан сырткары bb.edu.gov, eldemi, bilim.kg  сайттарынан өзүнө керектүү маалыматтарды алып, ишмердүүлүгүндө пайдаланат. Ошону менен катар мектептин медиа бурчун жана өзүнүн жеке сайтын  түзө алган. Мектептин медиа бурчунда мектеп жөнүндө жалпы маалыматтар, иш-чаралар, жаңылыктар, жетишкендиктер  инстаграмм жана фейсбук баракчасына жайгаштырылып турат. Ал эми өзүнүн жеке сайтында анын мугалимдик ишмердүүлүгүндөгү  баардык  маалыматтары жайгаштырылып келет.  Бактыгүл жаңы технологияны өздөштүрүү менен мугалимдик жолунда бир канча ийгиликтерге да жеткен.

— Эң биринчи жеңишим окуучуларга кызыктуу, ар тараптуу сабак өтүүнү үйрөндүм, андан сырткары ар кандай конкурстарда активдүү катышып байгелүү орундарга жете алдым. Мисалы,  республика боюнча өткөрүлгөн “Санариптик педагогика” сынагында  4-орунду камсыз кылдым. Жалпылап айтканда санарип технологиялары – мугалимдик ишимди жеңилдетип, ар тараптан өнүгүүмө эң жакшы шарт түзүүдө. Жөндөм – бул жеке адамдын артыкчылыгы, мүмкүнчүлүгү. Мугалимдин жөндөмдүүлүгү – өз билимин, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүктөрүн ырааттуу түрдө колдоно билүүсү. Андан сырткары сүйлөө маданияты, жүрүм-туруму, өзүн алып жүрүүсү, чечендиги, уккулуктуу так сүйлөө жөндөмү да мугалим үчүн өтө маанилүү. Анткени мугалим канчалык көптү билип, мыкты болуп турса да аны окуучуга жеткиликтүү айтып, түшүндүрүп бере албаса, билими жугумдуу боло албайт. Ошондуктан жөндөмүн колдоно билген мугалим – келечекке ишенимдүү карай алат жана окуучуга эң жакшы үлгү болуп бере алат, — дейт элеттик мугалим.

КРнын Президенти  С.Н.Жапаровдун 2021-жыл “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” Жарлыгында баса белгилегендей, инсандын, анын ичинде мугалимдин руханий адеп-ахлактык сапаттары өзгөчө мааниге ээ. Анткени мугалим жан дүйнөсү таптаза келечек ээлерин тарбиялайт. Алар мугалимден үлгү алышат. Ошондуктан эң биринчи — адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү, билимдүү, эмгекчил, сылык, жөнөкөй, адилеттүү болууга аракет кылуу жана окуучуларынын да эң мыкты инсандык сапаттарга тарбиялоо Бактыгүлдүн башкы максаты.

— Балдар кеңеш сөздөргө кулагын жаап, үлгүлүү жүрүм-турумга көзүн ачат деген жакшы сөз бар. Андыктан окуучуларга ар тараптан үлгү болуу менен негизги үч сапатымды өнүктүрүү аркылуу өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келемин.

Арасынан көп тандаган кесиптин,

Аруу балдар дүйнөсүнө кезиктим,

Окуу билим тарбиясын бүт көрүп,

Эң бир таза тунук үндү эшиттим.

Мен тандаган, менин сүйгөн кесибим,

Менин жолум, бүт ырысым кешигим.

Талбай кызмат кылгым келет өзүңө

Ката кетсем сурайм сенден кечирим.

Бейпил күндүн ачып билим эшигин,

Бергим келет менден алчу кешигин,

Аларга эмес анан кимге арналмак,

Эл агартуу мугалимдик кесибим, — деп өзүн мыкты тааныштырган эле.

2-орунга чыгып, сыйлыктарды алганына кудуңдап сүйүнгөн Бактыгүл ушул даражага жеткирген ата-энесине, колдоо көрсөткөн мектеп жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

— Сынак баардык жылдан башкача болуп өттү. Сынактын шарты да өзгөчө болду. Сынактын ар бир турунда комиссия мүчөлөрү алмаштырылып турду.  Элдин көзүнчө суроолор берилип, жооп алынды жана алган бааларыбызды ачык жарыялашты. Тажрыйбага ээ болгон мугалимдер келген экен. Өзүмдү ар тараптан өнүктүрүү менен ар кандай өзгөчө ыкмаларды үйрөндүм. Кубанычка чек жок, — деди жеңүүчү.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Экинчи тур — ачык сабак

Сынактын экинчи күнү борбор калаадагы №67 мектеп-гимназиянын базасында өттү.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Хусеинованын берген маалыматына таянсак, “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун Жобосу быйыл өзгөртүлүп, жаңы иштелип чыккан.

— Жаңы жобого ылайык ар бир облустан биринчи орунду алган мугалимдер келип, катышты. Биринчи күнү педагогикалык тажрыйбанын презентациясы, мастер-класс болду. Ачык-айкын адилеттүү өткөрүүдө күйөрмандардын, жюрилердин катышуусунда сынактын 1-туру, т.а. презентациянын жыйынтыгы ошол эле жерде чыкты. Адилеттүү, калыс баалоо максатында ар бир тапшырмага өз-өзүнчө калыстар тобу бекитилген. Сынактын эң негизги өзгөчөлүгү – үч тапшырманы аткарышты. Жобо боюнча сабактын темасы мектептин календардык планда кайсы сабак, кайсы теманы өтүш керек болсо конкурсанттар ошол теманы шаардык №67 мектептин окуучуларына өтүштү. Сабакка 40 минута, 5 минута анализге берилди. Ар бир тапшырмага критерийлер иштелип чыккан. Ал критерийлер мугалимдерге да берилген. Эсептөө комиссиясы эки күндүн тапшырмаларынан алынган баллдарды санап, жеңип чыккандарды ошол эле күнү кечинде жарыяладык, — деди А.Хусеинова.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Бизди сүйүндүргөнү бул жолку сынакта мугалимдердин баары заманбап технологияны колдоно билгенинде болду. Пандемия мугалимдердин заманбап технология менен иштей алганына шарт түзгөнүн, алардын билимдери абдан өркүндөгөнүн байкадык.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Ата-эне эмне дейт?

Асылкан Маматова, эне:

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

— Илгизбек Шамырзаев менин балама сабак берет. Анын сабагы болгон күнү Нурислам артымдан ээрчип жүрүп, агайынын кызыктуу сабагын баяндап түгөтө албайт. Агайы берген суроолорду алгач мага берип көрүп, кайра аны класста кантип талкуулашканын айтып, менин жообумду да уккусу келет. Анан да ошол күнү жыргап, жан дүйнөсү эргип келгенин байкайм. Агайы конкурска катышкан күндөн бери чыныгы күйөрманы болду. Балама өзгөрүү тартуулай алган, аны өнүгүүгө жетелеген агайына үй-бүлөбүз менен ыраазы болобуз. Ошондуктан да колдон келген жардамыбызды көрсөтүп, колдоп конкурска бардым.

Илгиз — окуучуларынын жан дүйнөсүнө таасир эте алган ушундай мугалим! Жакшы жетекчи жамаатка өзү үлгү болуп, ушак-айыңдан алыс, иш менен алек болгон чөйрөнү жарата ала тургандыгын Илгиз иштеген мектептин директору Дамира Курбанбаева  далилдеп келет. Бул конкурстагы жеңиште да анын салымы чоң болду.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Конкурс тууралуу айта турган болсок, жакшы уюштурулду. Тапшырмалар да жөн гана билимди текшерүү эмес, чыныгы педагогикалык чеберчилигин сынап көрүүгө багытталганы кубандырды. Көп учурда конкурстарда тестирлөө кошулуп калат, аны менен мугалимдин чеберчилигин текшерүү туура эмес да. Бул жолу андай болгон жок.

Ар бир тапшырма боюнча баалоо критерийлери так түзүлүп, конкурсанттардын колуна алдын ала берилип коюлганы да конкурс чыныгы мугалимди баалаганына далил болот. Адатта, көп учурда сынактарда нааразылыктар күч алып, соцтармактарга чейин чыгып кеткен учурлар да кездешип калчу.  Бул жолу андайга жол берилбеди. Калыстар тобу өз ишин мыкты билген адистерден куралып, алар элдин көзүнчө адилеттүү баасын угузгандан кийин залдан эч кандай нааразылык угулбады. Калыстыктын эң сонун үлгүсүн көрсөтүштү. Ушул жолдон тайбай, бул конкурс мындан ары да чыныгы мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна айлана берсин.

“ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРИ” 

Ошентип, көптөн күткөн сынак да жыйынтыкталды. Иш-чарада жүрөктү толкуткан ырлар ырдалып, “Сейтектин” “Шаттык” үлгүлүү бий ансамбли, ушу мектебинин тарбияланучулары майрамдык чакан концерт тартуулашты. Майрамыңар менен, ардактуу мугалимдер!

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер