КМТУда эл аралык конференция өтүүдө
- 21.09.2026
- 0
КМТУда DAADдын аймактык жолугушуусунун алкагындагы эл аралык конференция башталды

Бүгүн И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн аймактык жолугушуусунун алкагындагы эл аралык конференция өз ишин баштады.

Иш-чара 21–22-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага академиялык коомчулуктун, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, университеттердин өкүлдөрү жана Германиянын билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрү катышууда.

Иш-чарага КР илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Лира Сулайманова, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев, DAADдын вице-президенти доктор Мюриэль Хельбиг, Германиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард, КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директорунун орун басары Азиз Тилекбаевич Кыштобаев, ошондой эле DAADдын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн академиялык коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Конференциянын темасы — «Борбордук Азиядагы билим берүү жана коом: жогорку билим берүү тармагындагы жаңы тенденциялар». Катышуучулар эл аралык академиялык кызматташтык, илимий дипломатия, университеттер аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана жаш окумуштууларды колдоо маселелерин талкуулашат.

Программанын алкагында «Борбордук Азия глобалдык илимий дипломатияда: эл аралык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана чакырыктары» аттуу панелдик талкуу, тематикалык семинарлар жана жумушчу сессиялар өтөт.

Биринчи күндүн негизги иш-чараларынын бири — Бишкек шаарында DAADдын Борбордук Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн расмий ачылышы.