ХАН АКАДЕМИЯСЫ — МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТУУЧУ ПЛАТФОРМА

  • 05.10.2021
  • 0

Интернеттеги Википедиядан кийинки эң чоң ачык билим берүү платформасы болуп эсептелген Хан Академиясы Кыргызстанда өз ишин ийгиликтүү баштады.

Хан Академиясы Кыргызстанда 2019-жылы «Текайым» коомдук бирикмесинин алдында ачылган.

— Биз өз ишибизди 10 миң сом менен баштаганбыз. Кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок кандай тоскоолдук болбосун, моюн сунбай иштеп жатабыз. Командабызда 13 адам бар. Бир жарым жылда 200гө жакын сабактарды, 330 видеону кыргыз тилине котордук, жер-жерлерде 150 мугалимди STEAM билим берүүсү боюнча даярдыктан өткөрдүк, — дейт Кыргызстандагы Хан Академиясынын негиздөөчүсү Гүлзире Миңбаева.

ХАН АКАДЕМИЯСЫ - МЫКТЫ МУГАЛИМДЕРДИ ДҮЙНӨГӨ ТААНЫТУУЧУ ПЛАТФОРМА

Демилгечилердин пикиринде жаңыдан түзүлгөн платформа STEAM билим берүүсү боюнча адистерди кынтыксыз даярдоону көздөйт. Бирок көйгөйлөр да жок эмес.

— Табигый-математикалык предметтер боюнча англис тилин мыкты билген мугалимдердин жетишсиздиги азырынча бир топ көйгөйлөрдү пайда кылууда, — деди «Текайым» коомдук бирикмесинин жетекчиси.

Ал эми алыскы Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов азыркы алдыңкы технологиялардын өзөгүн түзгөн предметтердин эң татаал темаларын кыргыз тилине которууну сунуштады.

— Биздин бүтүрүүчүлөрдүн арасынан 75 студент Медициналык академияда, 65 студент чет өлкөдө билим алганы чындык. Биз буга кантип жетиштик? Анын сыры жөнөкөй. Биз окуучуларга эң башынан өз алдынча билим алуу жолдорун үйрөттүк. Хан Академиясы азыркы алдыңкы технологиялардын өзөгүн түзгөн табигый-математикалык предметтер боюнча эң татаал темаларды кыргыз тилине которуп берсе, көрсөткүчтөрүбүз мындан да жогору болоруна ишенем, — деди Гапыр Мадаминов.

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев Хан Академиясы дүйнөгө мыкты мугалимдерди таанытуучу платформа болуп каларын кубануу менен белгиледи.

— Дүйнө улуу футболчуларды, атлетчилерди, ырчыларды билет. Ал эми мыкты мугалимдер тууралуу кабары жок. Хан Академиясы кесипкөй мугалимдерди таанытуучу платформа экени бизди кубандырат, — деди «Сапат» лицейлеринин жетекчиси.

Хан Академиясы акысыз билим берүү платформасын ишке ашырууну колго алган «Текайым» коомдук бирикмеси жакын арада дагы 100 мугалимди STEAM боюнча окутууну, физика, химия, биология боюнча 100 STEAM сабактарын кыргыз тилине которууну, ошондой эле үч мектепте Хан Академиясынын платформасын пилоттук программа катары киргизүүнү көздөп жатат.

— Биздин максаттардын ишке ашарына ишенем. Анткени пандемия балдардын, мугалимдердин, ошондой эле ата-энелердин билим алууга карата мамилесин биротоло өзгөрттү. Иликтөөлөргө таянсак, пандемия тушунда ата-энелердин платформага катышуусу 700 пайызга өскөн, — деп айтты Гүлзире Миңбаева.

Маалымат үчүн: Хан Академиясы — дүйнөдөгү эң чоң акысыз платформа. Ал 190 мамлекетте колдонулат.
Хан Академиясын 20 млн. адам колдонот. Кыргызстан сабактарды кыргыз тилине которгон 51чи мамлекет болуп калды.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер