БУРЧУ ЖОК ААЛАМ, МЫК КАГЫЛБАГАН КЕРЕМЕТ
- 21.09.2026
- 0
№55 мектептин көркөм өнөр жана технология мугалими Күлүйпа Мамбетованын мугалимдерге арналган “Боз үйдүн жасалгасы” аттуу кезектеги методикалык китеби басмадан чыкты.

Автордун айтымында, боз үй – кыргыз элинин эн тамгасы, улуттун сыймыгы, жан дүйнө ааламы жана ыйык туткан куттуу конушу. Бул – элдик өнөрдүн туу чокусу жана тарыхтын өчпөс эстелиги.
— Кыргыздар ааламды тегерек формада кабыл алышкан, ошондуктан боз үй да тегерек тигилет. Ата-бабалардын салтын улап, азыркы тапта боз үйдүн ар бир майда элементине чейин терең билүүгө болгон кызыгуу артууда. Боз үйдүн аурасы таза, бурчу жок, ааламдык касиетке ээ. Ага бир да мык кагылбайт, жалаң жип-шуу, боолор менен гана тургузулат. Бабаларыбыз математиканы атайын окубай туруп эле түндүк, уук жана керегени бири-бирине дал келтирип жасашкан. Эл көчүп барганда коно турган жерин абдан байкап, кылдат тандаган. «Конуш чалып кел» деп эркек балдардын улуусун жөнөтүшчү. Суусу бар, тигүүгө ыңгайлуу түзөңчө, төрт түлүк малга жайыты мол жерлерди издеп таап, андан соң гана көчтү түшүрүшкөн. Боз үй – түрдүү жасалгалар менен кооздолгон, чечүүгө да, көчүп-конууга да өтө ыңгайлуу турак. Ал эми боз үй тигилген орун «журт» деп аталат, — дейт автор.
Күлүйпа эжей шаардык окуучуларга көркөм өнөр жана технология сабагында улуттук баалуулуктарды сиңирүүгө дайыма басым жасап келет. Кесиптештеринин айтымында, ал буга чейин өзү жазган “Улуттук тамак-аштар” жана “Кыз – келечектеги үйдүн куту” аттуу методикалык эмгектерин колдонуп, кыздарга улуттук тамак-аш жасоону үйрөтүү менен бирге кызыктуу сабактарды өтүп келет.
— Жаңы чыккан “Боз үйдүн ички жасалгасы” китебимде түндүктөн баштап, анын эң майда жип-шуусуна чейин деталдуу баяндап бердим. Ошондой эле нарктуу байбичелерибиз тууралуу да айтпай өтүү мүмкүн эмес. Анткени улуу муун жаштарды нарктуулукка, салттуулукка тарбиялайт. Дөөлөттүү карыялар менен ак элечек байбичелер – элдин куту, айылдын көркү, — деп кошумчалады Күлүйпа Мамбетова.
Кыскасы, бул китепте кыргыз элинин каада-салтына, өнөрүнө жана улуттук наркына тиешелүү баалуу маалыматтар кеңири камтылган.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”