“Абитуриент 2024”: жогорку окуу жайлардын тизмеси
- 15.07.2024
- 0
Бүгүндөн тарта жогорку жана башталгыч кесиптик окуу жайларга кабыл алуу башталды.
Бул материалда ЖОЖдордо кайсы адистиктер окутуларын, контракттык бөлүмдө окуу канча турат, кабыл алуу үчүн кандай документтер керек жана башка маанилүү маалыматтар камтылган.
Сиз кызыктырган университеттин атын басып, шилтеме аркылуу кирип, толук маалыматка ээ болосуз.
- Педагогикалык билим берүүнүн флагманы болгон, 80 жылга жакын тарыхы бар Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети. Университетте 11 институт, беш факультет, бир колледж өз ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантууда. Окуу жайда 18 000 студент билим алып, 1000ден ашуун жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамынан турган эмгек жамааты эмгектенүүдө.
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети Кыргызстандагы ѳзгѳчѳ статустагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири.
- К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети.
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — сапаттуу билим.
- “Ала-Тоо” (МУА) эл аралык университети.
- Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы – Кыргыз Республикасындагы заманбап окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия тармагындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы.
- К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети — агрардык багыттагы көп тармактуу ири жогорку окуу жай.
- Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университети (КЭУ ИИУ).
- Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети.
- Ош мамлекеттик педагогикалык университети кылымдык тажрыйбаны арттыруу менен Кыргызстандын орто мектептерине жогорку квалификациялуу педагогдорду даярдоонун устаканасына айланган.
- Ош мамлекеттик университети — чыныгы билим алууну эңсегендерге, таланттуу жана жөндөмдүүлөргө, мыкты адис болууну кыялдангандарга, жакшы адам болууга умтулган улан-кыздарга университеттин билим эшиги дайыма ачык.
- Кыргыз-Өзбек эл аралык университети — билимди ооштурган, ырысты жугуштурган окуу жай.
- М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети.
- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети 23 багыттын 40 профили боюнча бакалавр жана ошондой эле беш багыттын жети профили боюнча магистрлерди даярдайт.
- Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети 15 багыт боюнча бакалавриат (27 профиль), 4 багыт боюнча магистратура (10 профиль), 4 адистик программасы жана 31 орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерге билим берет.
Даярдаган Эльвира Какиева, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер