Билим берүүнүн ардагери Алакшүкүр Гасанов дүйнөдөн кайтты
- 05.03.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү тармагы чоң жоготууга учурады. 2026-жылдын 4-мартында билим берүүнүн көрүнүктүү ардагери, «КР билим берүүнүн мыктысы» Гасанов Алакшүкүр Ибрагимович дүйнөдөн кайтты.
Алакшүкүр Гасанов 1951-жылы Жамбул областындагы Чүй районунда «Новый путь» айылында туулган. 1958-68-жылдары айылдагы орто мектепте окуп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырып, аны 1975-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун 1975-жылы Сосновка орто мектебинде мугалим болуп баштаган.
1980-1982-жылдары ошол эле мектепте директор, 1982-1986-жылдары №35 кесиптик окуу жайынын директору, 1986-1990-жылдары кайрадан Сосновка орто мектебинин директору, 1990-1991-жылдары Калинин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1991-1996-жылдары Сосновка айылдык кеңешинин төрагасы.
1996-2001-жылдары Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысы, 2001-2002-жылдары Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп эмгектенген.
2002-жылдан 2016-жылга чейин Жайыл райондук билим берүү бөлүмүн үзүрлүү башкарып, андан соң ардактуу эс алууга чыккан. Райондук билим берүүгө жана социалдык тармагына жалпысынан кырк жылдан ашык өмүрүн жумшады.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бириккен Конгрессинин Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасына — 10 жыл” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигини “Ардак грамотасы”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Мамлекеттик тил Комиссиясынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын согуш ардагерлер кеңешинин Ардак грамотасы, Чүй областынын шаардык ички иштер бөлүмүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган. Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны.
Алакшүкүр Гасанов кызмат учурунда өзүн абдан компетенттүү, бийик жоопкерчиликтүү жана жогорку деңгээлдеги кесипкөй уюштургуч жетекчи катары көрсөтө алды.
Көрүнүктүү педагог жана жетекчи Алакшүкүр Гасановдун жаркын элеси аны билгендердин жана баалагандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Алакшүкүр Гасановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терен кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Д.Ш. Кендирбаева, М.А. Баймурзаев, Н.С. Джусупбекова, Л.А. Самыкбаева, А.Д. Махметкулов, М.У.Музулманов, А.С. Кусейинова, Н.А. Касымова,Г.Т. Чотбаева, Н.К. Дюшеева, А.Д. Токтомаметов, Б.С. Шамшидинова, К. А. Чекиров ж.б.
Комментарийлер