БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУ ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛОО БАШТАЛДЫ

  • 04.07.2025
  • 0

Кыргызстанда педагогикалык адистиктер боюнча билим алгысы келген жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк пайда болду. Өлкөдө биринчи жолу ваучердик каржылоо механизми ишке кирди. Эми мамлекеттик билим берүү гранттары ваучер түрүндө берилип, талапкерлер жогорку окуу жайды өздөрү тандай алышат.

БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРДУ ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛОО БАШТАЛДЫ

 

Ваучер деген эмне?

Ваучер — бул мамлекет тарабынан берилген каржылык колдоо. Аны утуп алган талапкер каалаган жогорку окуу жайга — мамлекеттик же жеке менчик болобу, тандоо укугуна ээ. Эң негизгиси педагогикалык адистик боюнча билим алуусу керек.

Эгерде окуу жайдын контракты ваучердин суммасынан ашып кетсе, айырмасын студент өзү төлөйт.

Кимдер катыша алат?

Ваучер алууга кызыккандар төмөнкү шарттарды аткарышы зарыл:

  • Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 130 жана андан жогору балл алуу;
  • “ВАУЧЕР” бөлүмү аркылуу конкурска катышуу.

Конкурстук тартип эки этаптан турат:

1-этабы:

  • Абитуриент кайсы окуу жайга тапшырарын тактабайт;
  • Социалдык абал (шаар, айыл, тоолуу аймак) эске алынат;
  • Ваучер педагогикалык адистик боюнча берилет.

2-этабы:

  • Ваучер утуп алган талапкер окуу жайды өзү тандайт;
  • Социалдык факторлор эсепке алынбайт, ЖРТ баллы негизги роль ойнойт;
  • Университетке кабыл алуу баллга жараша жүргүзүлөт.

Майыптыгы барлар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн өзүнчө квоталар каралган. Алар босого баллдан өткөн болсо, түз арыз тапшыра алышат.

Ваучердин негизинде окуган студент милдеттүү түрдө мамлекет көрсөткөн жерде мугалим болуп иштөөсү керек. Эгерде өз каалоосу менен окуудан чыгып кеткен болсо, мамлекеттин каражатын кайтарып берүүгө милдеттүү.

Бул жаңы механизм педагогикалык кесиптерге болгон кызыгууну арттырып, жаштарга билим алууда эркиндик жана мүмкүнчүлүк берет. Мугалим болууну кыялданган ар бир жаш бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоосу зарыл.

Бөлүшүү

Комментарийлер