“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

  • 20.11.2024
  • 0

Бүгүн мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн  республикалык конкурстун жыйынтыгы менен сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет экенин айтты.

“Бүгүн биз ошол мугалимдерибиз менен тарбиячыларыбыздын эмгегин татыктуу баалоо, билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикага ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо максатында өткөрүлгөн «Жылдын мыкты мугалими», «Мыкты тарбиячысы» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу иш-чарасында турабыз”, — деди Президент.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Садыр Жапаров «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» сынактары мурдатан эле жарыяланып келе жаткан болсо дагы, өлкөдө таланттуу педагогдорду колдоо жана сыйлоо, алардын билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон салымы татыктуу бааланышы үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында «Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлери үчүн ар жылдык республикалык конкурс өткөрүү жөнүндө» атайын Жарлык кабыл алынганын белгилей кетти.

“Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

Жыл сайын өткөрүлүүчү “Жылдын мыкты мугалими” жана “Жылдын мыкты тарбиячысы” 2023-2024-окуу жылындагы республикалык конкурстардын төмөнкү жеңүүчүлөрүнүн тизмесин төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыз.

Список награжденных республиканского конкурса среди учителей

Бөлүшүү

Комментарийлер