«АКЧА ЭЭРЧИТКЕН СТУДЕНТ»: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ ВАУЧЕРИ ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ КИМГЕ ПАЙДАЛУУ?
- 17.07.2026
- 0
Кыргызстандын билим берүү тармагында маанилүү реформалар жүрүп жатат. Алардын эң негизгилеринин бири — педагогикалык адистиктерге киргизилген ваучердик каржылоо системасы.
Көпчүлүк ата-энелер жана абитуриенттер үчүн бул түшүнүк дагы деле татаал угулушу мүмкүн. Келгиле, бул система кандай иштейт, анын жөнөкөй бюджеттик орундардан эмне айырмасы бар жана ал эмне үчүн мугалим болом дегендер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин чогуу талдап көрөлү.
Кыргызстанда педагогиĸалыĸ адистиĸтерди ĸаржылоонун ваучер механизми 2025-жылы КР Министрлер Кабинетинин тоĸтому менен беĸитилип, 2025–2026-оĸуу жылындагы ĸабыл алууда пилоттуĸ негизде ишĸе ашырыла баштаган.
Жаңы система мамлеĸеттиĸ билим берүү гранттарын бөлүштүрүүнүн тартибин өзгөрттү. Эми мамлеĸет белгилүү бир оĸуу жайды эмес, студенттин өзүн ĸаржылайт. Абитуриент грантты ваучер түрүндө алып, өзү тандаган оĸуу жайга тапшырат.
2026–2027-оĸуу жылына педагогиĸалыĸ багыттар боюнча 1824 ваучердиĸ орун бөлүндү. Бул орундар ĸонĸурс арĸылуу берилет.
Ваучер деген эмне?
Ваучер – бул мамлекет абитуриенттин колуна виртуалдык түрдө карматкан «билим берүү сертификаты» же кепилдиги.Башкача айтканда, «акча студентти ээрчийт» деген принцип иштейт. Абитуриент ваучерин алып, каалаган мамлекеттик же жеке менчик окуу жайына барып тапшыра алат. Мамлекет окуу акысын ошол тандалган окуу жайына которуп берет.
Эгер студент мамлеĸеттиĸ эмес оĸуу жайга тапшырса жана оĸуу аĸысы ваучердин ĸөлөмүнөн жогору болсо, айырмасын өзү төлөйт.
Ваучер ĸимдерге берилет?
Ваучер бардыĸ абитуриенттерге берилбейт. Адегенде талапĸер Жалпы республиĸалыĸ тестирлөөнүн босого баллын алышы ĸереĸ. 2026-жылы педагогиĸалыĸ багыттар үчүн босого балл 130 болуп белгиленди.
Андан ĸийин ĸонĸурс өтĸөрүлөт. Конĸурс эĸи этаптан турат. Биринчи этапта абитуриенттер мамлеĸеттиĸ грантты (ваучерди) алуу үчүн ĸатышат. Эĸинчи этапта ваучер алган талапĸер өзү тандаган оĸуу жайга ĸабыл алуу ĸонĸурсуна ĸатышат.
130 балл алуу ваучерди автоматтыĸ түрдө ĸамсыз ĸылбайт. Эгер бир адистиĸĸе талапĸерлер ĸөп болсо, орундар ЖРТнын жыйынтыгына жараша бөлүштүрүлөт.
Акча кандай төлөнөт?
Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, мамлекеттик ваучердин баасы төмөнкүдөй бекитилген:
Жогорку окуу жайлары үчүн — жылына 42 350 сом.
Орто кесиптик окуу жайлары (колледждер) үчүн — жылына 65 500 сом.
Өзгөчө жагдай: Орто кесиптик окуу жайлардагы «Музыкалык билим берүү» адистиги үчүн ваучердин наркына 2,3 коэффициенти колдонулат (анткени бул багытта жекече аспаптарда иштөө сыяктуу чыгымдар көбүрөөк).
Маанилүү шарттар:
Мамлекеттик ЖОЖдордо: Эгер студент мамлекеттик окуу жайды тандаса, окуу акысы толугу менен ушул ваучердин эсебинен жабылат. Студент өз чөнтөгүнөн кошумча эч нерсе төлөбөйт.
Жеке менчик окуу жайларда: Эгер студент жеке менчик окуу жайын тандаса жана ал жердин келишим акысы ваучердин суммасынан кымбат болсо, айырмасын студент өзү төлөйт.
Мамлекеттин акчасы жөн эле коробошу керек. Ваучер бир гана жолу жана бир гана адистикке берилет. Эгер студент өз каалоосу менен окуудан баш тартса же жүйөлүү себепсиз сабактардан калып окуудан чыгарылса, анда мамлекет төлөгөн ваучердин суммасын толугу менен кайтарып берүүгө милдеттүү болот. Бул кадам студенттердин билимге олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылышын шарттайт.
Эмне үчүн бул реформа дал ушул мугалимдик кесиптерден башталды? Мунун бир нече орчундуу себептери бар.
ЖОЖдор ортосундагы таза атаандаштык
Мурун бюджеттик орундар ЖОЖдорго министрлик тарабынан эле бөлүштүрүлүп берилсе, азыр ЖОЖдор сапаттуу студентти өзүнө тартуу үчүн күрөшө башташты. Кайсы окуу жайдын билим берүү сапаты, инфраструктурасы жакшы болсо, ваучер кармаган студенттер ошол жакка барат. Демек, мугалимдерди даярдоону заманбап жолдор менен жүргүзбөй, эскирген программаларга тушалып калган окуу жайларга колунда ваучер бар студент келбейт. Бул өгүз өлбөсүн, араба сынбасын деген принцип менен арабөк иштеп жаткан окуу жайларды заманбап жаңыланууга аргасыз кылат.
«Бул механизмди киргизүүнүн негизги максаты – билим берүү мекемелеринин арасында атаандаштыкты түзүү жана студенттерге билим алуу гранттарын берүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу»,-деп айтылган Агартуу министрлигинин билдирүүсүндө.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлеĸеттиĸ университетинин педагогиĸа жана психология институтунун ĸабыл алуу ĸомиссиясынын мүчөсү Медина Айдарбеĸованын айтымында, быйыл педагогиĸалыĸ багыттарды тандаган абитуриенттердин саны ĸөбөйдү.
«Айрым багыттар боюнча биринчи турдун өзүндө эле ваучердиĸ орундар толуп ĸалды. Ошондуĸтан айрым адистиĸтерде эĸинчи турга ваучердиĸ орун ĸалган жоĸ».
Заманбап өзгөрүүнүн өзөгүндө — мугалим
Акыркы жылдары мектеп мугалимдеринин эмгек акысынын көтөрүлүшү жана мына ушундай ваучердик колдоолор жаштардын бул кесипке болгон кызыгуусун арттырды. Мурун педагогикалык бөлүмдөргө ЖРТдан эң төмөн упай алгандар аргасыздан тапшырса, азыр 130дан жогору упай алган алдыңкы жаштардын арасында чыныгы атаандаштык жаралууда.
Өлкөдө мектеп 12 жылдык моделге көчүп, заманбап жаңыланып жаткан шартта мугалимдерди даярдоо системасы да түп орду менен өзгөрүү зарылдыгы келген учурда ваучердин кирип жатышы өзүнчө мааниге ээ.
Кыргызстан дүйнө тааныган билим берүү моделине өтүү менен мектептин түзүмүн гана өзгөртпөстөн, билим берүүнүн мазмунун, окутуу методикасын жана мугалимди даярдоо системасын түп-тамырынан жаңылоону максат кылууда. Бул реформанын ийгилиги биринчи кезекте жаңы муундагы мугалимдерди даярдоонун сапатына байланыштуу. Ошондуктан педагогикалык адистерди даярдоодо ваучердик механизмди киргизүү билим берүү реформасынын негизги инструменттеринин бири болуп саналат.
12 жылдык билим берүү моделинин башкы өзгөчөлүгү – окуучуларда XXI кылымдын компетенцияларын, функционалдык сабаттуулукту, санариптик көндүмдөрдү, чыгармачылык менен сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу. Мындай максаттарды ишке ашыра ала турган мугалимдерди мурдагы даярдоо модели менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Ошондуктан педагогикалык билим берүүнүн мазмуну дагы жаңыланып, жогорку окуу жайлар жаңы мамлекеттик стандарттарга жана жаңы окуу программаларына ылайык кадрларды даярдоого өтүүдө.
Дал ушул жерде ваучердик механизм өзгөчө мааниге ээ болот. Биринчиден, ал педагогикалык адистиктердин кадыр-баркын жогорулатууга жардам берет. Мамлекет эң керектүү адистиктерди максаттуу каржылап, таланттуу бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке тартууга мүмкүнчүлүк түзөт. Экинчиден, жогорку окуу жайлардын ортосунда сапат үчүн атаандаштык күчөйт. Эми студенттерди тартуу үчүн окуу жайлар заманбап окуу программаларын сунуштап, күчтүү профессордук-окутуучулук курамды түзүүгө жана практикалык даярдоону жакшыртууга кызыкдар болушат.
Үчүнчүдөн, ваучердик механизм «акча мекемени эмес, сапаттуу билимди ээрчийт» деген принципти ишке ашырат. Эгер кайсы бир педагогикалык окуу жай сапаттуу билим бере албаса, абитуриенттер башка окуу жайларды тандашат. Натыйжада мамлекеттик каржылоо билим берүүнүн сапатын камсыз кылган окуу жайларга багытталат. Бул өз кезегинде педагогикалык билим берүүнүн жалпы деңгээлин көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Төртүнчүдөн, ваучердик механизм эмгек рыногунун муктаждыгына жараша педагогикалык кадрларды даярдоого шарт түзөт. 12 жылдык мектепке өтүү менен башталгыч билим берүү, STEM багытындагы предметтер, англис тили, табигый илимдер жана санариптик технологиялар боюнча мугалимдерге болгон суроо-талап кыйла өсүүдө. Ваучер аркылуу мамлекет дал ушул тартыш адистиктерди артыкчылыктуу каржылай алат.
Мындан тышкары, ваучердик система жогорку окуу жайлар менен мектептердин байланышын чыңдоого жардам берет. Анткени бүтүрүүчүлөрдүн сапаты алардын эмгек рыногундагы ийгилиги аркылуу бааланат. Бул педагогикалык окуу жайларды мектептер менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө, практикалык даярдоону күчөтүүгө жана окутуунун заманбап технологияларын киргизүүгө түрткү берет.
Жыйынтыгында, педагогикалык аваучердик механизм – бул жөн гана мамлекеттик гранттарды бөлүштүрүүнүн жаңы формасы эмес. Ал 12 жылдык билим берүү реформасынын кадрдык негизин түзгөн стратегиялык механизм болуп саналат. Анын негизги миссиясы – мыкты абитуриенттерди педагогикалык кесипке тартуу, жогорку окуу жайлардын жоопкерчилигин күчөтүү, сапат үчүн атаандаштыкты өнүктүрүү жана жаңы улуттук билим берүү моделине ылайык компетенттүү, чыгармачыл жана заманбап мугалимдерди даярдоо. Ушундай шартта гана 12 жылдык билим берүү реформасы өзүнүн негизги максатына жетип, өлкөнүн билим берүү системасынын сапаттуу өнүгүшүнө бекем негиз түзө алат.
Коомчулуктун сунуштары
Адистердин пикиринде, реформа өз жемишин бериши үчүн ваучердик системаны жалгыз гана педагогика эмес, медицина, IT жана айыл чарба сыяктуу өлкө үчүн өтө зарыл болгон башка стратегиялык багыттарга да жайылтуу керек. Ошондой эле, ваучердин баасын заман талабына ылайык дагы көтөрүү зарылчылыгы айтылууда, себеби сапаттуу билим берүү чыгымдары жыл сайын өсүүдө.
Билим берүү ваучери — бул жөн гана каржылоо эмес, бул болочок мугалимдердин сапатын жогорулатууга багытталган заманбап кадам. Мамлекеттик колдоонун мындай ачык-айкын форматы татыктуу жаштардын билим алып, мектептерибизге күчтүү адистердин келишине жол ачат.
Кайсы оĸуу жайлар ĸатышууда?
Ваучердиĸ программага өлĸөнүн 16 жогорĸу оĸуу жайы ĸатышууда.
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттуĸ университети;
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлеĸеттиĸ университети;
И. Раззаĸов атындагы Кыргыз мамлеĸеттиĸ техниĸалыĸ университети;
К. Карасаев атындагы Бишĸеĸ мамлеĸеттиĸ университети;
К.И. Сĸрябин атындагы Кыргыз улуттуĸ агрардыĸ университети;
Ош мамлеĸеттиĸ университети;
М.М. Адышев атындагы Ош технологиялыĸ университети;
А. Мырсабеĸов атындагы Ош мамлеĸеттиĸ педагогиĸалыĸ университети;
Б. Сыдыĸов атындагы Кыргыз–Өзбеĸ эл аралыĸ университети;
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлеĸеттиĸ университети;
К. Тыныстанов атындагы Ысыĸ-Көл мамлеĸеттиĸ университети;
С. Нааматов атындагы Нарын мамлеĸеттиĸ университети;
Талас мамлеĸеттиĸ университети;
Инновациялыĸ технологиялар жана энергетиĸа институту;
Эл аралыĸ Мета-Илим университети;
Таштан Эрматов атындагы Бишĸеĸ музыĸалыĸ-педагогиĸалыĸ институту.
Мадина КУРБАНОВА, “Кут Билим”



Комментарийлер