ӨЗҮҢДҮН КЕЛЕЧЕГИҢ ҮЧҮН БҮГҮН ОЙЛОН!
- 30.04.2026
- 0
№42 Кесиптик лицей
Окуу жайды аяктаган бүтүрүүчүлөр төмөндөгү документтерге ээ болот:
— Эмгек китепчеси 1-2 жыл;
— Диплом;
— Аттестат.

Негизги максаттары
- Рынок экономикасынын шартында айыл чарбасынын, коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн ар кыл тармактарында иш билгилик менен иштөөгө жөндөмдүү, жаңы техникаларды, технологияларды өздөштүргөн жана аларды турмушта чебер колдоно алган квалификациялуу адистерди даярдап чыгаруу.
- Эс алуучу мекемелер, санаторийлер, пансионаттар жана менчик майда ишканалар менен бирдикте кадрларды даярдоо боюнча тыгыз байланышта болуп, иш жүргүзүү.
- Эс алуучуларды кызыктырган көркөм буюмдарды, сувенирлерди жасап чыгаруучу кесиптин ээлерин даярдап чыгаруу.
Ысык-Көл райондук калкты ишке жайгаштыруу борбору аркылуу кыска мөөнөттөгү курстар:
- Ашпозчу – окуу мөөнөтү 3 ай
- Кондитер – окуу мөөнөтү 3 ай
- Тигүүчү – окуу мөөнөтү 3 ай
- Электр жана газ ширетүүчү – окуу мөөнөтү 3 ай
- Жаныбарларды ветеринардык кароо оператору – окуу мөөнөтү 3 ай
- Тракторист-машинист – окуу мөөнөтү 3 ай
- Горничная – окуу мөөнөтү 3 ай
- Сантехник – окуу мөөнөтү 3 ай

Акы төлөп окутуучу кыска мөөнөттүү курстар:
- «В» категориясындагы автоунаа айдоочу – окуу мөөнөтү 10 ай
- «С» категориясындагы автоунаа айдоочу – окуу мөөнөтү 10 ай
- Ашпозчу Кондитер – окуу мөөнөтү 3 ай
- Жарнамалоо жаатында графикалык-дизайнери – окуу мөөнөтү 3 ай
- Трактор-машинист – окуу мөөнөтү 3 ай
№42 кесиптик лицейи базар экономикасынын шартына ылайык айыл чарбасына керектүү төмөндөгүдөй квалификациялуу жумушчуларды даярдап чыгарат:
9-класстын базасында:
- Ашпозчу /Повар – окуу мөөнөтү 2 жыл
- Ашпозчу/Кондитер – окуу мөөнөтү 2 жыл
- Электр жана газ ширетүүчү, “В” категориясындагы айдоочу – окуу мөөнөтү 2 жыл

11-класстын базасында
- Жаныбарларды ветеринардык кароо оператору окуу мөөнөтү 10 ай
- Повар/Кондитер окуу мөөнөтү 10 ай
- Электр газ менен ширетүүчү, “С” категориясындагы айдоочу окуу мөөнөтү 10 ай
- Тигүүчү/Уз окуу мөөнөтү 10 ай
Окутуу шарттары
Ар жыл сайын кесиптик лицейге 150 окуучу бюджеттик негизде кабыл алынат жана калкты иш менен камсыз кылуу борбору аркылуу кыска мөөнөттөгү курстар, контракттык негизде 60 окуучу кабыл алынат. Ар бир окуучуга окуганына жараша стипендия төлөнүп турат. Лицейдик группанын окуучулары бир маал ысык тамак менен камсыз кылынат.
Лицей тиешелүү окуу кабинеттери менен жабдылган.
- Жалпы билим берүүчү кабинеттер.
- Кесиптик билим берүүчү кабинеттер.
- Кесиптик билим берүү боюнча лабораториялар.
- Слесардык устакана.
- Тиричилик комбинаты.
- Компьютердик класс.
Андан сырткары спорт аянты, китепкана, мейманкана, ашкана, ЗОЖ кабинети, Манас бөлмөсү, эс алуу бөлмөсү бар.

Кесиптик лицейдин Эл аралык уюмдар менен байланышы:
- «ФРН» уюму менен кызматташуу менен бирдикте кыска мөөнөттөгү кустарды окутуп баштадык.
- ПРООНдун долбоорунун алкагында түзүлгөн кооперативге жана иш-чараларга керектүү айыл чарба кадрларын даярдоо боюнча кызматташуу.
Окуу жайдын дареги:
Ысык-Көл району, Темир айылы,
Чормон у. Бакас көчөсү №10
Email: [email protected]
Зам.УВР: Жумакадырова Э.
о/к: Кыштобаева А.
Тел.: (0706) 605006; (0703) 151212
Онлайн
кабыл алуу сайт:
https://2020.edu.kg
Комментарийлер