БАТКЕНДЕ БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН КУРУЛУШУ ТЕКШЕРИЛДИ
- 24.07.2026
- 0
Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов Баткен облусундагы бир катар билим берүү жана саламаттыкты сактоо объекттеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында жумуштардын сапаты жана бекитилген графикке ылайык аткарылышы жеринен текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө Кадамжай районунун Айырбас айылындагы курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган 500 орундуу жаңы мектептин иштери дээрлик аяктап, учурда эмеректерди орнотуу жана аймакты көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлүп жатканы маалым болду. Объекттин жалпы наркы 157 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле Баткен районунун Жаңы-Жер айылында республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан 500 орундуу мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталып, бүгүнкү күндө монтаждоо иштеринин акыркы этаптары аткарылууда (жалпы наркы 164 миллион сом). Мындан тышкары, Баткен районунун Жаңы-Достук айылында 225 орундуу мектептин, 100 орундуу бала бакчанын жана фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулуш иштери улантылууда.
А.К., «КБ»
Комментарийлер