ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУНУН 2-ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 20.07.2026
  • 0

Бүгүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру башталды. Талапкерлер документтерин жана тандоосун 22-июль саат 14:00гө чейин “Абитуриент Online” системасы аркылуу каттай алышат.

Кабыл алуу жалпысынан беш тур менен өтөт. Ар бир тур аяктагандан кийин бош орундар кайрадан жарыяланып, абитуриенттерге тандоосун жаңылоого мүмкүнчүлүк берилет.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алуу жогорку окуу жайларына гана эмес, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн колледждерге да жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер