КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН ФИНАНСЫ АКАДЕМИЯСЫ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 24.07.2026
  • 0

2026-2027-окуу жылына карата төмөнкү окуу курстары боюнча окутуучуларды тандоо боюнча конкурс жарыялайт:

  1. Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу – 30 окутуучу;
  2. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистештирилген окуу курстары – 10 окутуучу;
  3. Эл аралык сатып алууларды башкаруу — 8 окутуучу;
  4. Сатып алууларды ААКда, ЖАКда, МИде, МунИде уюштуруу – 6 окутуучу;
  5. Ички аудитордун квалификациялык сынак Программасы боюнча окуу курсу – 5 окутуучу;
  6. Мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук – 6 окутуучу;
  7. Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп – 15 окутуучу;
  8. Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун башкаруу – 5 окутуучу;
  9. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу – 5 окутуучу;
  10. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу – 5 окутуучу;
  11. Программалык бюджеттөө – 5 окутуучу;
  12. Дем берүүчү гранттар – 4 окутуучу;
  13. Мамлекеттик финансыларды башкаруунун негиздери – 8 окутуучу;
  14. Мамлекеттик салык кызматынын автоматташтырылган маалыматтык системалары боюнча окуу курстары – 5 окутуучу;

Окутуучуларга коюлуучу талаптар:

а) жогорку билими;

б) окутуучу курстун багыты боюнча 2 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы;

в) окутуучу катары 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

д) кыргыз тилин жана орус тилин мыкты билүүсү;

е) КР аймактарында окуу курстарын өткөрүү үчүн иш сапарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:

  1. КР Финансы министрлигинин Финансы академиясынын директорунун атына жазылган арыз;
  2. Паспорттун көчүрмөсү;
  3. Резюме (Таржымал);
  4. Билими жөнүндөгү документтердин көчүрмөсү;
  5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  6. Жарыяланган же чыгарылган эмгектеринин, илимий макалаларынын, окуу методикалык куралдарынын, окуу китептеринин тизмеси (эгерде бар болсо);
  1. Кесиптик билимин жогорулаткандыгы тууралуу документтердин көчүрмөсү;
  2. Патенттин көчүрмөсү (эгерде болсо).

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандар конкурска киргизилбейт.

Сынакка катышуучулар жарыяланган күндөн тартып 25 (жыйырма беш) күндүн ичинде, документтерди А4 форматындагы конвертке салып, жаап тапшыруусу жана төмөнкү дарек боюнча каттоодон өтүүсү зарыл:

720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58а,

КР ФМ Финансы академиясы, 6-кабат, 604.

Сурап билүү телефондору:

0555 22 29 58 (Жаркын),

0772 21 42 81(Гулзада).

Бөлүшүү

Комментарийлер