БАЛЫКЧЫ – КОЧКОР ТЕМИР ЖОЛУ: ӨНҮГҮҮГӨ АЧЫЛГАН ЖАҢЫ ЖОЛ

  • 26.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 25-июлда Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана станциясынын ачылышына катышты. Ал поезд менен жүрүп, инфраструктура менен таанышты.  БАЛЫКЧЫ – КОЧКОР ТЕМИР ЖОЛУ: ӨНҮГҮҮГӨ АЧЫЛГАН ЖАҢЫ ЖОЛ63 чакырымдык тилке Балыкчы – Кара-Кече – Макмал долбоорунун биринчи этабы.  БАЛЫКЧЫ – КОЧКОР ТЕМИР ЖОЛУ: ӨНҮГҮҮГӨ АЧЫЛГАН ЖАҢЫ ЖОЛ«Биз темир жол куруу мүмкүнчүлүгүбүздү кайра жандандырдык жана ири долбоорлорду өз алдынча ишке ашыра аларыбызды көрсөттүк», – деди ал.

Жакынкы жылдары Кочкор – Кара-Кече – Макмал багыты башталат. Ал Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан коридоруна кошулуп, транзитти, экспортту жана инвестицияны арттырат.  БАЛЫКЧЫ – КОЧКОР ТЕМИР ЖОЛУ: ӨНҮГҮҮГӨ АЧЫЛГАН ЖАҢЫ ЖОЛТемир жолдун ачылышы менен катар билим берүү тармагына да жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул ири инфраструктуралык долбоор инженерия, курулуш, логистика жана транспорт тармактарында адистерге болгон суроо-талапты жогорулатат. Ошондой эле жергиликтүү жаштар үчүн кесиптик-техникалык окуу жайларда жаңы багыттар ачылып, практикалык окутуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Темир жолдун өнүгүшү билимдүү кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтөт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер