ЖЕР КҮНҮНӨ ЖАНА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮНӨ КАРАТА ЖАҢЫ КИТЕП

  • 22.04.2023
  • 0

ЖЕР КҮНҮНӨ ЖАНА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП КҮНҮНӨ КАРАТА ЖАҢЫ КИТЕП«Таалим-Форум» коомдук фонду тарабынан New York Times бестселлер китептеринин автору Рейчел Игнотофскинин «ЖЕР ПЛАНЕТАСЫ: АНЫН УКМУШТУУ ДҮЙНӨСҮ» аттуу китеби кыргыз тилинде жарык көрдү.

Жаңы китептин бет ачары дүйнө жүзү 22-апрелде майрамдаган Жер күнү менен 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата өткөрүлүүдө. Аталган китеп кыргыз тилине Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин Китептерди которуу программасынын колдоосу менен которулуп басылып чыкты.

Балдарга жана өспүрүмдөргө арналган жаңы китеп түркүн түстөгү сүрөттөр менен кооздолгон, анда Жер планетасынын ар түрдүү экосистемалары, атап айтканда, Амазон тропикалык токойлору, талаалар, чөлдөр, тоолор, коралл рифтери, деңиздер жана океандар жөнүндө кеңири маалыматтар берилет. Китеп өз окурмандарына планетабыздагы жашоо кандайча түзүлгөндүгүн түшүндүрүп, Жер жүзүндөгү экологиялык бүтүндүктү туюуга жана өз ара байланыштарды байкоого көмөк көрсөтөт. Китепте ар түрдүү экосистемалардагы өсүмдүктөр менен жаныбарлар тууралуу айтылат, цивилизациялардын өнүгүү тарыхы жана алардын ландшафттарга тийгизген оң жана терс таасирлери жөнүндө кеп козголот.

Китепте жерди жоопкерчиликсиз жана сарамжалсыз пайдалануу анын ресурстарын коромжу кылып, топуракты, сууну жана атмосфераны булгап, климаттын өзгөрүшүнө, табигый экосистемалардын бузулушуна дуушар кылары айтылат. Аталган проблемалар эле козголбостон, планетабызды коргоонун кадамдары да сунуш кылынат.

«ЖЕР ПЛАНЕТАСЫ: АНЫН УКМУШТУУ ДҮЙНӨСҮ»  4000 нускада басылып чыккан, китеп экологиялык билим берүүгө жигердүү салым кошуп жаткан мектептерге, балдар китепканаларына, Кыргызстандын аймагындагы бардык Америкалык борборлорго таратылат.

Жаңы китеп планетабыздагы экосистемаларды таза сактоонун маанилүүлүгүн түшүнүүнү жогорулатып, Жер тууралуу илимди изилдөөгө кызыктырат, планетабыздын келечеги үчүн аракеттерди жана чечимдерди табуунун жолун өркүндөтөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер