ПРОФИЛГЕ ЧЕЙИНКИ КОМПОНЕНТ: «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ»
- 25.08.2026
- 0
2026–2027-окуу жылынан тартып «Кыргыз жараны: тарых, коом, укук жана экономика» 8-класстын окуучулары тандай ала турган профилге чейинки даярдоо программаларынын бири болот. Программа окуучулардын өзүн-өзү таануусуна, кызыгуулары менен жөндөмдөрүн ачууга жана келечектеги билим алуу багытын аң-сезимдүү тандоосуна жардам берет.

КАОнун маалыматына таянсак, программа 68 саатка эсептелип, тарых, коом, укук жана экономика багыттарын бириктирет. Окуучулар жарандык жоопкерчилик, укуктук жана финансылык сабаттуулук, ошондой эле өзүн-өзү аныктоо боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүшөт.
Окутуу долбоордук иштерге, практикалык тапшырмаларга, дебаттарга, кейстерге, экскурсияларга жана санариптик технологияларды колдонууга негизделет. Мында мугалим маалымат берүүчү гана эмес, окуучунун өнүгүүсүн колдогон ментор жана кеңешчи катары иш алып барат.
Программада окуучуларды бири-бири менен салыштырууга эмес, ар биринин жеке өнүгүү динамикасын аныктоого багытталган диагностика жана калыптандыруучу баалоо колдонулат.
«Кыргыз жараны: тарых, коом, укук жана экономика» программасы жана методикалык сунуштар Кыргыз билим берүү академиясынын www.kao.kg сайтында жайгаштырылган.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер