ЫМУГА ЖАҢЫ РЕКТОР ДАЙЫНДАЛДЫ
- 25.08.2026
- 0
К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору кызматына айыл чарба илимдеринин кандидаты Джайнакова Гульнур Бердибаевна дайындалды.

Бул — университеттин тарыхындагы өзгөчө жаңылык. Себеби алгачкы жолу университеттин ректору болуп айым жетекчи дайындалды.
Жаңы ректорду жамаатка Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүлнур Мамырова тааныштырды.

Өз сөзүндө Гульнур Бердибаевна университеттин мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо сыяктуу маанилүү милдеттерди белгиледи.
Г.А., “КБ”
Бөлүшүү
Комментарийлер