С.ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ — ӨЛКӨНҮН ЭКОНОМИКАСЫНА ЖЫЛ САЙЫН 2,5 МЛРД СОМ КОШОТ

  • 25.08.2026
  • 0

С.Тентишев атындагы Азия Эл аралык университети Кыргызстандын бюджетине жана экономикасына олуттуу салым кошуп келет. Бул тууралуу окуу жайдын негиздөөчүсү Эркин Тентишев билдирди.

С.ТЕНТИШЕВ АТЫНДАГЫ АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ - ӨЛКӨНҮН ЭКОНОМИКАСЫНА ЖЫЛ САЙЫН 2,5 МЛРД СОМ КОШОТ

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы үчүн ошол кездеги Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен күтүүсүздөн «Даңк» медалы тапшырылган.

— Университеттин ишмердүүлүгү билим берүү экспортун өнүктүрүүгө да чоң таасирин тийгизүүдө. Учурда чет өлкөлөрдөн келген студенттердин билим алышы аркылуу өлкөнүн экономикасына жыл сайын болжол менен 2,5 млрд сом кошулууда. Бул — билим берүү экспорту аркылуу Кыргызстандын экономикасына кошулуп жаткан олуттуу салым, — деди Эркин Тентишев.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер