УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ИНТЕРНАТТАГЫ БАЛДАРДЫН ЖАШОО ШАРТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 11.11.2022
  • 0

10-ноябрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана Каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев менен биргеликте Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы мектеп-интернатына барды.

УЛАНБЕК МАМБЕТАКУНОВ АЛАЙ РАЙОНУНДАГЫ ИНТЕРНАТТАГЫ БАЛДАРДЫН ЖАШОО ШАРТЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Алар мектеп-интернатта балдарга түзүлгөн шарттар менен таанышып, мектеп директору менен көйгөйлөрдү чечүү маселелерин талкуулады.

Мектеп-интернатта ушул тапта 337 бала билим алса, анын 160ы жатып окуйт. Окуучулардын басымдуу бөлүгүн калктын социалдык аялуу катмарына кирген үй-бүлөлөрдүн балдары түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер