ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

  • 15.09.2020
  • 0

Борборубуздагы №98 кесиптик-техникалык лицейдин базасында оор турмуштук кырдаалга кабылган өспүрүмдөр чач тарач жана телефон оңдоочу уста кесибине ээ болушту.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

Турмуштун айынан оор жумушта иштөөгө мажбур болгон өспүрүмдөрдүн келечегин түптөгөн бул кесиптик билим Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин “Балдар эмгегине жол жок!” долбоорунун алкагында берилди.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

 

Өлкөбүздө ар кандай турмуштук кырдаалдан улам күндүзү иштеп, кечкисин кечки мектептен билим алган улан-кыздар бар экени эч кимге жашыруун эмес. Белгилүү болгондой, алардын көпчүлүгү оор жумуштарда иштешет.

-Өткөн жылы октябрь айында өз ишин баштаган долбоор  ар кандай оор жумуштарда иштеген  өспүрүмдөрдүн кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүнү, ишкерликке кызыктыруу аркылуу алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөдү, — дейт долбоордун жетекчиси, “Социалдык педагогдор союзу” коомдук бирикмесинин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева.

Долбоор жетекчисинин айтуусунда, максаттуу топтун катышуучуларын аныктап алуу ишине Аламүдүн районунун акиминин орун басары А.Д.Кулубаев, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Г.А.Кыштообаева, Ленин айыл округунун башчысы К. Бекова активдүү катышкан.

-Жергиликтүү бийлик органдары бизди жапырт колдобосо, бизге жардам бербесе, азыркыдай ийгиликтер болмок эмес, — дейт долбоор жетекчиси Токтобүбү Абазовна.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

Максаттуу топтун катышуучуларын аныктап алган соң, долбоор адистери балдардын үй шарты менен таанышып чыгышты.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

—  Ак-Жар жаңы конушунда көпчүлүк үйлөр жарым-жартылай бүткөн, көбүндө жашоо үчүн зарыл шарттар жокко эсе. Өспүрүмдөрдүн дээрлик баары ушундай шартта жашайт, — дейт долбоордун соцкызматкери Калибай кызы Атыркүл.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

Ушуга улай Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттиги менен да долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлат.

Меморандумга ылайык окуу иши борборубуздагы №98 кесиптик-техникалык лицейде жүргүзүлө баштайт.

Бирок окуу ишинен алдын ата-энелерге эки ирет, кечки мектеп мугалимдерине бир жолу тренинг өтүлөт.

— Бизге максаттуу топтун катышуучуларын алдыдагы окуу иштерине багыттоого туура келди. Айрыкча ата-энелерге өспүрүмдөр үчүн кесиптик билимдин турмуштук зор маанисин түшүндүрүп бердик. Багыттоочу окуу иштерине балдарга билим берүүчү мугалимдер да катышты, — дейт долбоордун психологу Замира Жапарова.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

Чач тарачтар жана кол телефон оңдоочу усталар топторундагы окуу иштери февраль айында башталып, апрелде башкалардай эле карантинден улам аралыктан окууга өтүшөт.
Кийин июлдун аягынан тартып окуу иши социалдык обочолонуу эрежелерин сактоо менен офлайн режиминде жүрдү.

ООР ЖУМУШТА ИШТЕГЕН ӨСПҮРҮМДӨР ӨНӨР ҮЙРӨНДҮ

Жакында чач тарачтар, телефон оңдоочу усталар  сынак тапшырып, сертификатка ээ болушту.

Балдардын кесипти үйрөнүү далалаты күчтүү болгонун айта кетели.

–   Мен берген билимди өспүрүмдөр зор кызыгуу менен кабыл алып жатышты. Аны көрүп, билгенимди алардан аяган жокмун, – дейт №98 кесиптик-техникалык лицейдин өндүрүштүк окутуу мастери жана “Сулуулук индустриясы” предметинин окутуучусу Бейшенова Бермет.

Чач тарач тайпасынын окуучусу Абдикадирова Айдана 16 жашта. Ал Бишкектин чеке-белиндеги Ак-Жар жаңы конушунан болот. Долбоор тууралуу маалыматты курбусунан укканын айтат.

– Мен жаштайымдан чач тарач болууну жактырчумун. Оюмду үйдөгүлөр колдоду. Бул жердеги окуу бизге өтө кызыктуу болду. Окуп да, иштеп да жаттык.  Сулуулук салонун ачып, ишкерлик менен алектенем деген тилегим бар, – дейт Айдана.

Келечекте Германияда билим  алгысы келген Умеров Адил немец тилинде шар сүйлөйт. Ал англис тилин да курстардан окуп-үйрөнгүсү келгенин айтат.

– Тилдер менен катар телефон оңдогонго кызыкчумун. Ошон үчүн дароо мында келдим. Азыр телефонду оңдогонду үйрөнүп калдым, – дейт Адил.

А.Алибеков, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер