ОБЛУС ЖАНА ШААРЛАРДА БАЛДАР АРАСЫНДА УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУЛАР ӨТҮҮДӨ

  • 11.04.2023
  • 0

2023-жылдын 10-11-апрелинде Ош шаарында жана Баткен, Ош облустарында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуулар өттү.

ОБЛУС ЖАНА ШААРЛАРДА БАЛДАР АРАСЫНДА УКУК БУЗУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ЖОЛУГУШУУЛАР ӨТҮҮДӨ

Жолугушууга КР Президентинин Баткен, Ош облустарындагы өкүлдөрүнүн орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын орун басарлары, облустук усулдук билим берүү борборлорунун, билим берүү институттарынын, шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш алып барган адистер, жалпы билим берүү уюмдарынын директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары жана социалдык педагогдор катышты.

Жыйындарда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, зомбулукка кабылган балдар, баңги заттардын балдар жана жаштар арасында жайылуусуна каршы күрөшүү, балдар арасындагы суициддердин катталуусуна жол бербөө, ата-энелер менен иштешүү жолдорун өнүктүрүү ж.б. багыттар боюнча суроолор талкууга алынып, алдыга максаттар коюлду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде 2023-жылдын 10-18-апрелине чейин облустарда жана Бишкек, Ош шаарларында балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча жолугушуулар өтөт.

Pdf файл — жолугушуулардын графиги

Бөлүшүү

Комментарийлер