КУАУГА КЫТАЙДЫН ИЛИМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИ

  • 24.07.2026
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 23-июлунда К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине (КУАУ) Кытай Эл Республикасынын Синьцзян айыл чарба илимдер академиясынын делегациясы иш сапары менен келип, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Иш сапардын жүрүшүндө коноктор университетке караштуу Айыл чарба ресурстары жана Өсүмдүктөрдү коргоо лабораторияларынын заманбап жабдуулары менен таанышып, иш процессин көздөн кечиришти. Андан соң тараптар келечектеги биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорунун артыкчылыктуу багыттарын ортого салышты.  КУАУГА КЫТАЙДЫН ИЛИМИЙ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КЕЛДИКызматташуунун негизги багыттары:

  • Суу ресурстарын комплекстүү башкаруу;
  • Жер семирткичтерди натыйжалуу пайдалануу жана өсүмдүктөрдү коргоо;
  • Жашылча өстүрүү жана селекция иштери;
  • «Акылдуу айыл чарба» технологияларын жана сугаттын инновациялык ыкмаларын өндүрүшкө киргизүү.

Жолугушууда КУАУнун өкүлдөрү университеттин окумуштуулары тарабынан био-жер семирткичтерди, биопестициддерди иштеп чыгуу жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүү багытындагы жетишкендиктери менен тааныштырышты. Ошондой эле заманбап агротехнологияларды сыноо максатында окуу жайдын базасында биргелеşкен демонстрациялык аянтчаларды түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Мындан сырткары, ушул жылдын сентябрь айына пландаштырылган Кытай Эл Республикасынын Айыл чарба жана айыл иштери министрлигинин, ошондой эле Илим жана технологиялар министрлигинин жетекчилигинин жогорку деңгээлдеги иш сапарына алдын ала даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, чет өлкөлүк делегациянын курамында профессор-изилдөөчүлөр Гэн Цинлун, Ян Аньпэй жана доцент-изилдөөчүлөр Су Цзянь, Фу Кайюнь, Син Биндэ бар. Ал эми КУАУ тарабынан жолугушууга окуу иштери боюнча проректор М. А. Арзыбаев, Агрономия жана токой чарба факультетинин деканы Т. Д. Доолоткелдиева жана Илим, докторантура жана аспирантура бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери А. В. Кенжебаева катышты.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер