МУГАЛИМСИЗ БИЗ КИМБИЗ?

  • 25.04.2020
  • 0

 

МУГАЛИМСИЗ БИЗ КИМБИЗ?

— Эки күндөн бери тилпондо бирдик жок. Неберем кичине да, көз жаш кылчуудай болуп калды. Нөлүнчү класста окуйт…

— Аа, ошондой, алар түшүнүшпөйт барды да жокту.

Өлгөнгө тепкендей болуп айылда бирдик жүктөгөндөрдө да бирдик жок.

Тиги бекер интернетке убара болуп, улана албай отурсак, мугалим эжеси өзү келип калды.

Ватсаптан текшерип, неберемдин катышпай жатканын сезип келиптир.

Күн тийгендей пешенеси ачылды неберемдин. Жарым саатта көп нерсени түшүндүрүп, жада калса бул ырды кайталатып кетти эле. Неберем эжекеси кеткенден кийин ырдап жүрөт. Жаттап алыптыр заматта.

«Алдей, алдей кичинем,

Апаң келет ишинен.

Токто, токто ыйлаба,

Сүт бышырып ичирем.

Калдайынкы канаты,

Бүркүт келет карачы.

Ыйлак экен дебесин,

Ушул үйдүн баласы».

Эжекесине: — Ватсапка кирбегендердин баарына барып жүрөсүңбү ? — дедим.

— Ватсапка кирбеген окуучуларыма жеке телефон чалып, ыңгайлуу болгондо, үйлөрүнө бара каламын. Эртен мектепке кайтканда алар кыйналып калышат да, жетише албай, — деп шашыла сүйлөп жөнөп кетти.

— Жаш болсо да ишине кызыккан мугалим экен. Аты-жөнү — Максудова Роза. Жаңы-Шаар жалпы орто билим берүүчү мектебинин даярдоо классынын жетекчиси.

Мен менен маектешкен окуучуларынын ата-энеси буларды кошумчалады:

— Биз мугалимдерсиз эч ким эмеспиз.

 

МУГАЛИМСИЗ БИЗ КИМБИЗ?   

 

Жазып алган Ашира Кулишева 

Ала-Бука району.

«Кут билим» гезитинин сырт кабарчысы.

Бөлүшүү

Комментарийлер