ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ: РОССИЯНЫН ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ №69 МЕКТЕПТЕ

  • 24.11.2026

Борбор калаадагы айтылуу №69 Токтогул Сатылганов атындагы мектебинде Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Россия Федерация Кеңешинин Илим, билим берүү жана маданият боюнча комитетинин төрайымы Лилия Гумерова баштаган делегация болду.

ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ: РОССИЯНЫН ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ №69 МЕКТЕПТЕ

Маалыматка таянсак, ардактуу конокторду мектеп жамааты улуттук каада-салт менен тосуп алып, комузчулар жана темир ооз комузчулардын чакан концерттик программасын тартуулады. Андан соң делегация мүчөлөрү Б.Усенованын «Кыргызстан менен Россия элдеринин достугу: маданияттын жана сөздүн көпүрөсү» аттуу ачык сабагына күбө болушту.

ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ: РОССИЯНЫН ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ №69 МЕКТЕПТЕ

ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ: РОССИЯНЫН ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ №69 МЕКТЕПТЕ

ДОСТУК КӨПҮРӨСҮ: РОССИЯНЫН ФЕДЕРАЦИЯ КЕҢЕШИНИН ӨКҮЛДӨРҮ №69 МЕКТЕПТЕ

Жолугушуу жыйындар залында КРдин Маданиятынын мыктысы Э. Үсөнбек уулу жетектеген «Устатшакирт» фольклордук ансамблинин өнөрү менен уланды. Иш-чарада мектептин жетишкендиктери тааныштырылып, Э. Абдужапарова «Инсандык потенциалды өнүктүрүү» долбоору тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле 11-класстын окуучусу Россияда өткөн Эл аралык жаштар фестивалына катышуудан алган таасирлери менен бөлүштү. Мындан тышкары, окуучулар «Көп тилдүүлүк — дүйнөгө жол ачат» программасынын алкагында немис, кытай жана корей тилдериндеги билим деңгээлдери менен өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жолугушуунун соңунда, коноктор №69 мектептин меймандостугуна, мугалимдердин жаңычыл ыкмаларына жана жетекчилик тарабынан түзүлгөн заманбап шарттарга жогору баа берип, жамаатка албан ийгиликтерди каалашты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү