«ПАРЛАМЕНТ СҮЙЛӨЙТ»: МЕКТЕП АКТИВИСТТЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

  • 24.11.2026

Окучулардын лидерлик жөндөмүн өнүктүрүү, коомдук активдүүлүгүн арттыруу жана мектеп парламенттеринин ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында «Парламент сүйлөйт» аттуу сынак уюштурулду.

Сынак Жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирикмеси тарабынан «Байтур» корпорациясынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү. Ага Чүй облусундагы төрт мектептен жана Бишкек шаарындагы бир мектептен келген окуучулар катышты. «ПАРЛАМЕНТ СҮЙЛӨЙТ»: МЕКТЕП АКТИВИСТТЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынактын негизги максаты — мектеп парламенттеринин ишин формалдуу деңгээлден чыгарып, окуучулардын өз алдынча демилге көтөрүүсүнө, коомдук иштерге активдүү катышуусуна жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө шарт түзүү.

Сынактын жүрүшүндө мектеп парламенттеринин президенттери жана билим берүү, маданият, спорт, саламаттык сактоо багыттары боюнча министрлери өз билимдерин, логикалык ой жүгүртүүсүн, чыгармачылык жөндөмдөрүн жана эл алдында сүйлөө чеберчилигин көрсөтүштү. Катышуучулар тесттик жана логикалык суроолорго жооп берип, өз мүмкүнчүлүктөрүн тааныта алышты. «ПАРЛАМЕНТ СҮЙЛӨЙТ»: МЕКТЕП АКТИВИСТТЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Уюштуруучулардын белгилөөсүндө, сынак окуучулардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, жаңы идеяларды жаратуусуна, сунуштарын айтуусуна жана келечектеги демилгелүү жаш лидерлер катары калыптануусуна өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, бул сынак Суусамыр айылында 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл анын географиясы кеңейтилип, Чүй облусундагы мектептерди жана Бишкек шаарын да камтыды.

Сынактын калыстар тобунун курамында Агартуу министрлигинин «Кут Билим» медиа борборунун жетекчиси Кубат Чекиров, «Невакет» жамааттык медиа борборунун жетекчиси Венера Шонкоева жана IDEA уюмунун программалык офицери Уулкан Абдилазиз кызы болушту. «ПАРЛАМЕНТ СҮЙЛӨЙТ»: МЕКТЕП АКТИВИСТТЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

1-орунду — Аяна Илимбековна, Сокулук районундагы Жаңы-Жер мектеп-комплексинин 10-классынын окуучусу;

2-орунду — Меңдибаев Эмилбек, Бишкек шаарындагы Р. Мамыралиев атындагы №119 жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу;

3-орунду — Аксана Сүйөркулова, Ысык-Ата районундагы Абдыкерим Сыдыков атындагы жалпы орто мектебинин 11-классынын окуучусу;

4-орунду — Илгиз Эргешов, Сокулук районунун Новое айылындагы Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу;

5-орунду — Жибек Алымбекова, Жайыл районунун Суусамыр айылындагы Кадырбек Конушбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин 11-классынын окуучусу ээледи. «ПАРЛАМЕНТ СҮЙЛӨЙТ»: МЕКТЕП АКТИВИСТТЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Сынактын жыйынтыгында биринчи, экинчи жана үчүнчү орундардын ээлерине сертификаттар тапшырылды. Ал эми катышуучулар үчүн сынактын финалдык баскычы май айында Суусамыр айылында өткөрүлүп, алар «Байтур» корпорациясынын негиздөөчүсү жана президенти Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан даярдалган баш байге үчүн ат салышат.

Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Илгиз Эргешов сынакка мектеп парламентинин билим берүү министри катары катышып, төртүнчү орунду ээледи.

Илгиз Эргешов, сынактын катышуучусу: “Парламент сүйлөйт“ сынагына катышуу мен үчүн чоң тажрыйба болду. Сынактын жүрүшүндө билимимди сынап, логикалык суроолорго жооп берип, өзүмдү эл алдында көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Мен билим берүү министринин ролунда катыштым.

Бул сынак өзүмө болгон ишенимимди арттырып, жаңы адамдар менен таанышууга жана көптөгөн пайдалуу тажрыйбаларды алууга жардам берди. Алдыда, май айында Суусамыр айылында өтө турган финалдык сынакка дагы жакшы даярданып, мектебимдин намысын коргоого аракет кылам. Мындай сынактар бизге чоң дем-күч жана мотивация берет», — дейт Илгиз Эргешов. «ПАРЛАМЕНТ СҮЙЛӨЙТ»: МЕКТЕП АКТИВИСТТЕРИНИН СЫНАГЫ ӨТТҮ

Жамааттык ЖМКлар бирикмесинин аткаруучу директору Назира Джусупованын айтымында, «Байтур» корпорациясынын негиздөөчүсү жана президенти Тынчтыкбек Конушбаев көп жылдан бери билимдүү, таланттуу окуучуларды жана мугалимдерди колдоп, жаш муундардын өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп келет. Анын Суусамыр айылындагы окуучуларга стипендия берүү жана билим берүү тармагындагы демилгелерди колдоо иштери буга мисал боло алат.

«Парламент сүйлөйт» сынагы — окуучулардын үнүн угузган, алардын демилгелерине дем берген жана мектеп парламенттеринин ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү билим берүү демилгеси.

Сынакты уюштурууга жана жаштардын демилгелерин колдоого салым кошкон Жамааттык ЖМКлардын бирикмесине, «Байтур» корпорациясына жана анын президенти Тынчтыкбек Конушбаевге ыраазычылык билдиребиз.

 

Айдай Джолчубекова,

Раяна Бейшенбекова

Бөлүшүү