Балдар үчүн коопсуз чөйрө: республикалык форум өттү
- 24.11.2026
- 0
Бишкек шаарында эл өкүлдөрүнүн, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, мугалимдердин жана окуучулардын катышуусунда «Менин үнүм — менин келечегим» аталышындагы республикалык форум өттү. 
Форум балдардын жана өспүрүмдөрдүн үнүн угууга, алардын укуктарын коргоого, көйгөйлөрүн ачык айтууга жана коопсуз чөйрө түзүүгө багытталды. 
Агартуу министрлиги «Гуд Нейборс» (Good Neighbors) эл аралык уюмунун колдоосу менен уюштурган иш-чара өспүрүмдөрдүн, ата-энелердин, мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун ортосунда ачык диалог аянтчасын түздү. 
Форумдун негизги максаты — жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын, зомбулуктун, буллинг жана кибербуллингдин, баңгизат колдонуунун, эрте никенин, жол кырсыктарынын, алдамчылыктын, басмырлоонун жана экстремисттик идеялардын жайылышынын алдын алуу болду. Ошондой эле жаш муундун укуктук маданиятын, жарандык жоопкерчилигин жана сергек жашоо образын калыптандыруу маселелерине көңүл бурулду.
А.К., «КБ»