МУГАЛИМ ОКУУЧУНУ ТУУРА ЖОЛГО САЛГАН «МАЯТНИК”

  • 22.03.2019
  • 0

Жашоого ар бир адам Жараткандын касиети менен  өзүнө таандык  бөтөнчөлүк, өзгөчөлүк менен жаралат. Биз, инсандар, эбегейсиз күчтөрдү  багынта алууга акылы жеткен, ааламдын  сырларын ачып, өзүбүздүн жакшы жашообуз үчүн пайдалана билген касиетке эгедербиз.  Бирок турмушта ушундай жакшы сапаттарын бийик иштерге жумшабай, теңирден тескери кетип, жийиркеничтүү окуяларга аралашып, «төбө чачты тик тургузган» жагдайлардын жаратуучуларын көрүп, күбө болгон учурлар көп.   

МУГАЛИМ ОКУУЧУНУ ТУУРА ЖОЛГО САЛГАН «МАЯТНИК”                             

Адамзаттын моралдык дүйнөсүнүн таза жана абийирдүү  болушу — эң чоң байлык. Ички жан дүйнөң кир, булганч ойлорду өзүнө жолотпосо, адамгерчиликтин татаал жолунан тайбаса, акчага, байлыкка сатылбаса, анда сен өз абийириңдин астында  да, коомдун астында да, Кудай астында да тазасың.

«Өз напсисин тыя алган адам — эң күчтүү адам» деп бекеринен айтылбайт.  Инсандын бийик касиети — анын байлыгы, бийлиги, даңкы менен эмес, өзүн адал эмес нерселерден тыя алуусу менен өлчөнөт.  Келечек муундарынын туура багытта тарбиялануусу үчүн улуу муундун өкүлдөрүнүн жоопкерчилиги чоң.                                        Бүгүнкү күндө адам баласында мыкты сапаттарды калыптандырууда мугалимдин ролу зор. Биздин ар бир сүйлөгөн сөзүбүз, кыймыл-аракетибиз, жүрүш-турушубуз алар үчүн күзгү. Мугалим биринчи кезекте тарбиячы, а тарбиячы — өзү тарбиялуу болуусу керек. Баланын жан дүйнөсү али таптаза.Ушул тунук сезимдердин аруу боюнча калуусу же жалганды чындай сүйлөп, эки жүздүү болуп чыга келүүсү аны тарбиялап жаткан чөйрөгө толук көз каранды.

Бир жолу жашы жетимиштерге барып калган эне менен сүйлөшүп калдым. Жанында төрт-беш жаш чамасындагы ээрчиткен небереси бар.

  • Неберемди бала бакчага орноштура албай жүрөм, шаардагы бала бакчанын баарына баш бактым. Бирөөндө да орун жок экен. Бир таанышым 12000 сом берсем, неберемди бакчага киргизип коерун айтты. Россиядагы уулумдан акча сурадым, — деди эне.

Мени ойлонткон нерсе, ушул сөздөрдүн баарын эженин небересинин угуп олтурушу. Өкүнүчтүүсү — бала бакчанын эшигин аттаарда баланын аң-сезиминде, “акча менен гана ар кандай маселе чечилет турбайбы” деген түшүнүктүн орноп калуусу.

Жашоодо эң кымбат нерсе — тарбия. Анткени ал эч качан, эч жерде сатылбайт. Баланын жан дүйнөсүнө аруулуктун, адептүүлүктүн, ыймандын, жакшылыктын үрөнүн себүү үчүн өзүбүздө ушул касиеттердин болуусу зарыл. Маселен, өзүбүз адамдар менен маданияттуу мамиле жасасак, жардамга муктаж адамдарга колубузду сунсак, бирөөнүн акысын жебей, таза мээнет менен жашасак, ушунун баарын көзү менен көргөн балада мыкты сапаттар калыптанат.

Же болбосо, балаңыздын үй ичин ирээттүү жыйноосун каалайсыз, идиш-аякты таза жуубай колдонсо, тамактын калдыктары жугуштуу ооруларды пайда кылаарын эскертесиз, бирок жыйынтык сиз күткөндөй эмес.    Эмне үчүн? Анткени сиз практика жүзүндө ага эч нерсе көрсөтпөстөн эле, тажатма сөздөрүңүз менен кайра-кайра оозеки үйрөтүп жатасыз. Эгер уулуңуз же кызыңыз сиздин үй ичин кантип ирээттегениңизди же идиш-аякты, өзүңүз айткандай, таптаза жууганыңызды дайыма көрүп жүрсө, сиз ага тапшырма бербесеңиз деле, өзү билип жумуштарды так аткара берет. Башкача айтканда, сиз өзүңүз аткарбаган нерсени баладан талап кылбай эле коюңуз. Эң негизгиси, биз өзүбүздүн жүрүш-турушубуз менен аларга үлгү болушубуз шарт.

Мугалим — баланы туура жолго салган ,,маятник”. Эгер сиз дайыма так болсоңуз, сиздин окуучуңуздун да өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасаары шексиз.

Дагы бир жагдайды карап көрөлү. Айталы, мугалим сабакка беш мүнөт кечигип келди. Ушул кыска убакыт эч нерсени чечпегендей сезилет. Бирок  бул жаңылыштык. Анткени окуучулардын арасында сабакка бөтөнчө даярдык менен келген окуучунун сиз кечиккен сайын шаабайы сууйт, ою чачыранды болот. Мына, мугалим, биринчиден, убакыттын ,,уурусу” болду, экинчиден, баланын сабакка болгон дилгирлигин соолутту, үчүнчүдөн, бир эмес, эки эмес, отуздай окуучуга шалаакылыкты үйрөтүп жатат. Албетте, ,,эмнени эксең, ошону оросуң”. Сиз өз ишиңизге канчалык кайдыгер караган сайын, окуучулар да ошончолук көңүл коштуулукка үйрөнөт. Мындай кайдыгерликтин артында коркунучтуу ,,илдет” жатат.

Балага убакыттын учкан куш менен барабар экендигин, анын ар бир мүнөтүн пайдалуу иштерге жумшоону практика жүзүндө өзүбүздүн ишибиз менен далилдеп баруубуз керек. Антпесек, ,,убакытты жөн эле өлтүргөн” пайдасы жок нерселерге алагды болгон жаштарыбыз экономикасы күчтүү өнүккөн башка өлкөлөргө кул болуп калуу коркунучунда эмес экендигине ким кепилдик бере алат?

Мугалим — коомдун кыймылдаткыч күчү. Ал нечендеген жаш муундарга таалим берип, келечектеги эл жүгүн көтөргөн атуулдарды тарбиялайт. Баланын ички дүйнөсүнө жол таап, анда катылып жаткан кереметтүү сырларды ачуу, ошол ,,ажайып ааламдын” сулуулугу менен жашоону нурга бөлөө – чоң жаратмандык. Дегеним, балким, көмүскөдө жаткан улуу таланттын өмүр бою ачылбай калышына, же ,тескерисинче, дем- күч, шык берүү менен ,,жоктон бар кылып” улуу инсандарды жаратуу да биздин колубузда. Чыныгы мугалим ар бир окуучунун мыкты сапатын сезип, ошонун үстүндө иштей билет. Сабак учурунда болсун, сабактан сырт мезгилде болсун балага жекече мамиле жасап, индивидуалдуу көңүл бурууну унутпашыбыз керек.

Жекеме-жеке баарлашуу, ага кубат берүүчү жакшы сөздөрдү сүйлөө, баланын энергиясына энергия кошот. Ал сиздин көңүл борборуңузда экендигин сезет да, шыктанат, жоопкерчилиги өсөт.

Окуучунун эмгегин баалаганды эч качан унутпашыбыз керек. Адам баласы ар дайым жылуу сөзгө муктаж. Баладагы кандайдыр бир өзгөчөлүктү таап, (мейли ал сулуу жазсын, же колунда өнөрү болсун  ж.б.у.с.) ошол аркылуу анын аброюн көтөрүү керек.   Биздин колубузда эртеңки күндөгү келечек ээлери олтургандыгын эч качан унутпашыбыз керек. Агартуучулар баланын ички дүйнөсүн тазалыкка, нурга бөлөй алса, коом  алга карай өнүгөт.   Ар бирибиз өз абийирибиздин астында да, Жараткандын астында да таза бололу. Ички дүйнөнүн тазалыгы – коомдун өнүгүү өбөлгөсү. Жан дүйнөсү таза тарбияланган, ата-энесин, мекенин сүйгөн балдар гана коомду алга карай өнүктүрө алат.

Назира Абдибаитова,  Уркуя Салиева орто мектебинин

кыргыз тили мугалими, Ноокат району.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер