ТАЛАС: “БАЛАСТАН” БАЛДАР БОРБОРУНУН КУРУЛУШУ 90% АЯКТАДЫ
- 22.08.2026
- 0
Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдарды өнүктүрүү жана оюн-зоок борборунун курулушу 90% аяктады. Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.

— Аталган объекттин курулушу 2025-жылдын күз мезгилинде мамлекет башчыбыздан мезгил кутусун салуу менен башталган. Борбордун жалпы аянты 6,5 гектарды түзгөн комплекс 9 корпустан турат жана келечекте шаардын маданий, эс алуу жана экономикалык борборлорунун бирине айланат, — деди Э.Джумаев.
Долбоорго ылайык, “Баластан” борборунда заманбап аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн аянтчалары, кинотеатр, конгресс-зал, боулинг, коомдук тамактануу жайлары, лабиринттер, ошондой эле чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүү борборлору курулууда. Мындан тышкары, борбордо конокторду кыргыз тилинде тейлей турган робот-гиддерди ишке киргизүү пландалууда.
Объект пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлүп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.
Эс алуу жайы ушул жылдын 11-12-сентябрында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын салтанаттуу белгилөөдө мамлекет башчынын катышуусунда расмий ачылат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер