ТАЛАС: МУГАЛИМДЕРДИ ДАЯРДОО УЛАНУУДА
- 22.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасында 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мугалимдердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окуулар этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.





Маалыматка таянсак, 19-августтан тартып графиктин негизинде атайын даярдалган тренерлердин жардамы менен Талас районундагы жана Талас шаарындагы төмөнкү багыттар боюнча сабак берген мугалимдер окуудан өтүп жатышат:
1-2-3-класстардын башталгыч класстарынын мугалимдери;
5-класстын «Табигый илимдер» сабагынын мугалимдери;
7, 8-класстардын физика, химия, биология мугалимдери;
5, 7, 8-класстардын математика мугалимдери.
Окутуунун негизги максаты — мугалимдерге 12 жылдык билим берүүнүн жаңы мазмунун, окутуунун заманбап ыкмаларын жана жаңы окуу программаларын терең өздөштүрүүгө шарт түзүү.
Сапаттуу билим — кесипкөй мугалимден башталат!
Г.А., “КБ”
Комментарийлер