ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШТЫ

  • 22.08.2026
  • 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаева менен Салтанат Аманова Балдардын жана өспүрүмдөрдүн  «Сейтек» улуттук борборунда өткөрүлгөн «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим — өнүккөн өлкө» улуттук педагогикалык форумуна катышты.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫ ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМГА КАТЫШТЫ

Агартуу министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чара мектептик билим берүү системасын жаңылоонун жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн маанилүү этабында жетишилген жыйынтыктарды жана алдыдагы пландарды талкуулоого багытталган.

— Форумдун жүрүшүндө билим берүү тармагынын учурдагы абалы, келечектеги багыттары, мамлекеттик колдоо, мугалимдердин квалификациялык деңгээлин жана кадыр-баркын жогорулатуу маселелери тууралуу сөз болду. Ошондой эле панелдик дискуссиялар уюштурулуп, «Жаңы окуу жылына карата чечимдер» темасы талкууланды, — дейт Т.Ашымбаева.

Белгилей кетсек, аталган форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган бир катар министрлер, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү жана аймактардан келген 400дөн ашуун мугалимдер, мектеп директорлору, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, кесиптик лицейлердин жетекчилери катышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер