МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ НАРЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ БАРДЫ

  • 12.05.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине жана К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжине барып, окуу имараттары, борборлору менен таанышты.

МИНИСТР КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ НАРЫНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНЕ БАРДЫ

Министр Нарын мамлекеттик университетинин студенттерине окуган лекциясында глобалдык жылуулук, жашыл экономика, санариптештирүү, жасалма интеллект жана келечектин кесиптери боюнча айтып, технологиянын өнүгүшү, коомдун муктаждыктарынын өзгөрүшү менен суроо-талапка ээ болгон жаңы кесиптер пайда болуп жатканына токтолду.

“Алдыңкы жылдарда жасалма интеллекттин өнүгүшү менен алгоритмдерди иштеп чыгып, үйрөтүп, маалыматтарды талдап, инновациялык чечимдерди түзө ала турган адистерге муктаждык пайда болот. Ошондой эле киберкоопсуздук, медициналык жабдуулардын архитектору, дени сак карылык боюнча кеңешчи, медициналык роботтордун оператору, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча адистиктерге суроо-талап күчөйт”, — деди министр.

Каныбек Иманалиев НМУнун Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында ачылган окуу-өндүрүштүк комплекстердин иши менен таанышты. Министр ветеринардык клиниканы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү цехти кыдырып, колледждин студенттеринин мастер-класстарына катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер