«МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!»

  • 23.05.2020
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясында 2019-2020-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган  «Акыркы коңгуроо» аземи аралыкта өтсө да, агай-эжейлерди, бүтүрүүчүлөрдү кубанычка бөлөдү.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Республикабыз үчүн оор сыноо болгон быйылкы 2019-2020-окуу жылында энергетиктер шаарынын Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясын 45 бүтүрүүчү аяктап жатат. Булардын ичинен үч окуучу Алтын тамга аттестатына көрсөтүлгөн.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"
Бул тууралуу онлайн бүтүрүү кечесинде мектеп директору Кокоева Гульбайрам эжей айтып өттү.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"
-Урматтуу бүтүрүүчүлөр, биз силердин алдыдагы мамлекеттик аттестацияны, ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшырышыңарга тилектешпиз. Мектебибиздин эшиги силерге ар дайым ачык, — деди Гульбайрам Станбековна.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Ошентип, бүтүрүүчүлөр үчүн ары кубанычтуу, ары өкүнүчтүү күн келди. Алар он бир жыл окуган ак мектеби, бал тамган балалыгы, билим берген агай-эжейлери менен коштошкону турушат.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"
Бүтүрүүчүлөр акыркы коңгуроонун үнүн укканы турушат.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Коңгуроонун шыңгыр үнү аларды турмуш белесине чакырат.
Коңгуроонун үнү бүтүрүүчүлөрдүн сапары байсалдуу болушун каалайт.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Чыңгызбекова Милана, 11-класстын окуучусу:
Эми кайда биз окуган ак парталар?
Эми кайда бизди окуткан асыл жандар?
Анын баары ак мектепте калат эми,
Биз кайда? Биз учабыз кагып канат.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Бекмуратова Гүлжамал, 11-класстын окуучусу:

Алкыш айтам «А» тамгасын үйрөткөн,
Эне тилде бизди эркин сүйлөткөн.
Ачып берип турмуштун татаал жолун,
Талыкпай татыктуу билим бердиң.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Бул күнкү бүтүрүүчүлөрдү «А» тамгасын тааныткан башталгыч класстардын мугалими Абдылдаева Гүлмира эжей куттуктап, бүтүрүүчүлөргө ойлогон ой максаттарына жетүүсүн каалады.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"
Бүтүрүүчү 11 «а» классынын класс жетекчиси Ибраимова Чынара өзүнүн куттуктоо сөзүндө бул күн мектепти аяктап жаткан окуучулары үчүн ары өкүнүчтүү, ары кубанычын күн экенин белгиледи.
Ал эми 11″б»классынын класс жетекчиси Турдуева Айнура бүтүрүүчүлөрдүн Ата Мекендин тагдырын чече турган, Кыргыздын келечегин көтөрө турган жаштардан болушун кааларын айтты.

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

Орозалиева Мээрим, 11-класстын окуучусу:

Акыл айтып баарыбызга билим берген,

Окуучусунун ар бир сырын жакшы билген.
Баардыгы жүздөн ашып жашаса экен,
Бизди окуткан агай-эжейлер!

"МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫ, СУКТАНЫП БҮГҮН СИЛЕРДИ КАРАЙТ БААРЫ!"

«Ак жол! » деймин,

Баарыңарга классташтар!

Менин жакын досторум,

Эй курбулар!

Ар дайым жолуңар ачык болсун!

Эсиңерде ар дайым мектеп болсун!

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер