ЭКОБИЛИМ: КМУДА АК ИЛБИРС КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 22.10.2026
- 0
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 23-октябрь — Эл аралык ак илбирс күнүнө карата «Ак илбирс — Кыргызстандын жаратылыш мурасы: коргоо, сактоо жана келечек муунга өткөрүп берүү» аталышында тегерек стол өттү. Иш-чарага КМУнун табигый илимдер жана математика институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышып, анын жүрүшүндө ак илбирстин биологиялык өзгөчөлүктөрү жана тоо экосистемасындагы ролу жөнүндө кеңири маалымат берилди. 
Жыйындын жүрүшүндө ак илбирсти коргоодогу мамлекеттик органдардын жана жаратылышты коргоо уюмдарынын ишмердүүлүгү, ошондой эле студенттердин экологиялык демилгелерин жана илимий долбоорлорун колдоо маселелери кызуу талкууланды. 
Аталган тегерек столдун негизги максаты — ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча коомчулуктун экологиялык маалымдуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, жаратылышты коргоо уюмдары жана студенттер ортосунда кызматташтыкты бекемдеп, жаратылышты коргоого багытталган практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат. 
Белгилей кетсек, маанилүү экологиялык иш-чара КМУнун табигый илимдер жана математика институтунун проф. М.М. Ботбаева атындагы биология кафедрасы тарабынан уюштурулду.
А.К., «КБ»