КЫЙМЫЛЫ ЧЕКТЕЛГЕНДЕРГЕ ЖЕТКИЛИКТҮҮ ЧӨЙРӨ ТҮЗӨЛҮ

  • 22.10.2026

Ош технологиялык университетинде “Кыймыды чектелген жарандар үчүн жеткиликтүү чөйрө: тоскоолдуктардан практикалык чечимдерге чейин” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чараны ОшТУнун Эл аралык мамилелер, укук жана билим берүү институтунун Бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасы уюштурду. Тегерек столго университеттин жетекчилиги, мамлекеттик мекемелердин жана социалдык тармакта иш алып барган уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столду ОшТУнун окуу иштери боюнча проректору Эрнисбек Алайчиев ачып, аз кыймылдуу жарандар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүү, алардын коомдук жайларга жана кызмат көрсөтүүлөргө тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылуу маселелеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу майыптыгы бар адамдар жана улгайган жарандар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова сөз сүйлөп, аз кыймылдуу жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүү, кездешкен тоскоолдуктарды жоюу жана бул багыттагы иштерди жакшыртуу маселелерине токтолду. Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасында калктын аз мобилдүү топторунун жеткиликтүүлүк көйгөйлөрүн изилдөө” аттуу илимий долбоордун алкагында баяндама жасалып, жеткиликтүү чөйрөнү түзүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн практикалык жолдору талкууланды.

Талкуу учурунда мамлекеттик мекемелердин, социалдык кызматтардын, билим берүү жана коомдук уюмдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү, жарандардын коомдук жайларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан тиешелүү сунуштар берилип, резолюция кабыл алынды. Мындай иш-чаралар аз кыймылдуу жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга, жеткиликтүү чөйрөнү өнүктүрүүгө жана социалдык инклюзияны колдоого багытталган.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү