КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

  • 02.12.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-2023-окуу жылына карата күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларында окуу процессин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмесин бекитүү жөнүндө

БУЙРУГУ

№2575/1, 2022-жылдын 28-ноябры

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык жаштардын жалпы орто билим алуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында буйрук кылам:

1. 2022-2023-окуу жылына карата республикалык бюджеттен каржылануучу күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окуу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыктарынын, облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук билим берүү бөлүмдөрүнүн, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана билим берүү уюмдарынын директорлоруна (менчигинин түрүнө карабастан): — күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окуу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарын (класстарын) ачуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдашуусу менен ачылсын.

3. Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окуу формасындагы жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери (менчигинин түрүнө карабастан):

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Күндүзгү-сырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларындагы Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын окуу пландарын бекитүү жөнүндө» 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 1737/1 буйругуна ылайык иш алып барышсын.

4. Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгы (Б.Мураталиева) ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мектептердин (класстарды) каржылоосун бюджеттик айлык акы фондунан карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 9-сентябрындагы «Сырттан жана кечки/сырттан окуу формасында иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарын бекитүү жөнүндө» №1520/1 жана 2021-жылдын 11-октябрындагы «2021-жылдын 9-сентябрындагы №1520/1 «Сырттан жана кечки/сырттан окуу формасында иштеп жаткан жалпы билим берүү уюмдарын бекитүү жөнүндө» буйрукка толуктоо жөнүндө» №1684/1 буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул буйрукту «Кут Билим» коомдук-билим берүү жана илимий-популярдуу гезитинин редакциясы (К.Чекиров) расмий жарыяласын.

7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу башкармалыгына (С.Умралиева) калтырам.

тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 28-ноябрынын №2575/1 буйругуна ылайык

 

2022-2023-окуу жылына карата күндүзгүсырттан (кечки жана нөөмөттүк) жана сырттан окутуучу формаларында окуу процессин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеси

ОблусРайонМекеменин аталышы
1ЧүйЖайылКара-Балта шаарындагы сырттан окуу мектеби
2ЧүйМоскваМосква райондук сырттан окуу мектеби
3ЧүйАламүдүнАламүдүн районунун сырттан окуу жалпы билим берүү орто мектеби
4ЧүйЫсык-АтаЫсык-Ата районунун Канттын кесиптик даярдоо жалпы билим берүү №5 орто мектебинин сырттан окуу класстары
5ЧүйСокулукСокулук райондук сырттан окуу орто мектеби
6ЧүйТокмок шаары№11 мектеп-лицейинин сырттан окуу класстары
7ЧүйПанфиловПанфилов райондук сырттан окуу мектеби
8ОшКара-СууКара-Суу райондук сырттан окуу мектеби
9ОшӨзгөнӨзгөн райондук сырттан окуу мектеби
10НарынАт-БашыА. Жаналы у. атындагы орто мектебинин сырттан окуу класстары
Бөлүшүү

Комментарийлер