КЕСИП ТАНДООДОН КЕЧИКПЕЙЛИ
- 23.04.2020
- 0
Чүй облусунун Панфилов районундагы “Мектеп-Колледж-Университет” кесип тандоо борбору мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында кесипке багыт берүү иш-чараларын аралыктан өткөрдү.
Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жылдыз Бактыгулованын айтымында, кесип тандоо борбору атайын кесиптик багыт берүүчү топторду ачып, Whatsapp/zoom программалары аркылуу 9-10-11-класстар арасында кесип тандоо боюнча тиешелүү маалымааттарды берип жатат.
— Панфилов райондук билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин демилгеси менен былтыр август айында “Мектеп-Колледж-Университет” кесип тандоо борборун ачып, бүтүрүүчүлөргө кесипти жана окуу жайды туура тандоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп келүүдө.
Быйылкы жылы өлкөдө болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу, бул иш-чаралар аралыктан өткөрүлүп жатат. Борбор 9-10-10-класстар арасында атайын кесиптик багыт берүүчү топторду ачып, Whatsapp/zoom программалары аркылуу бүтүрүүчүлөргө тиешелүү маалыматтарды жана биргелешкен видео конференцияларды өткөрүүдө.
Алсак, жакында эле Эл аралык инновациялык технологиялар университети Вознесеновка жана Кайыңды №3 орто мектебинин 9-11-класстары менен видео конференция уюштуруп, жогорку окуу жайы жөнүндө кеңири маалымат беришип, балдар менен суроо-жооп түрүндө маек курушту. Бүтүрүүчүлөрдүн кызыккан суроолоруна университеттин окутуучулары жооп беришти,-дейт ал.
Аралыктан байланышты уюштургандардын жана жалпы эле катышуучулардын пикиринде, мындай иш-чаралардын өткөрүлүшү абдан керектүү жана маанилүү. Ошол себептен, Панфилов райондук билим берүү кызматкерлери республикадагы бардык окуу жайларын кесип тандоо борборуна кошулууга чакырышууда.
Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер